Атамбаевдин душмандары баштан ашты. Күрөш курчуйт

Эсиңерде болсо, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев аламан жарышка аттанганда, анын
президент болуп шайлануусу алдын ала эле белгилүү болчу. Себеби, революциянын
деми, элдин колдоосу жана бийлик талапкери катары күчтүү эле. А учурдагы кырдаал
таптакыр башка. Кайсы бир саясатчынын күздөгү шайлоодо утуп чыгуусуна кепилдик
жок.
Атамбаевдин каалоосуна жараша КСДПнын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековдун
талапкерлигин жактырышты. Бирок, бул эл көзүңдөгү гана картина.

Ал эми ичкериге үңүлсөк, үч-төрткө бөлүнгөн жагдайга күбө болобуз. Эски партиялаштар
Сагынбек Абдрахмановду колдоп атышса, бир тарабы Чыныбай Турсунбековду
жакташса, о.э. Иса Өмүркулов менен Сапар Исаковду да сүрөгөндөр арбын. Кызык,
президент кызматтан кете электе эле КСДП ичинде интрига козуп, ырк бузулганы эмнеге
апарат? Бири-бирине тымызын касташкандар байкалууда. Ооба, Атамбаев алыс деле
кетпейт, ал электоратын дагы да чыңдап, партиялык иш менен саясатта калууну көздөйт.
Ошентсе да, бүгүнкү «ит тартышуу» жакшылык апкелбейт эмеспи, мындай көрүнүштү
эртелетип жайгарып, команданы чыңдоо жагынан бир муштумга түйүлгөндөй кадамдар
жасалышы керек.

Ансыз да Атамбаевдин душмандары баштан ашып кетти. Фамилияларын санаганда не?
Жети жыл ичиндеги коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгондор, саясый
тирешүүнүн айынан камалгандар, бийликке каршы күрөшүү менен ыдык көргөндөрдүн
баары өч алуунун түркүн түстүү амалдарын ойлоп жатышат. Азыр билинбей жаткандай
сезилүүдө, бирок, Атамбаев тактыдан кеткенден кийин балээнин баары башталат.
Ошондо азыркы жан-жөөкөрлөр качып кетпей арка-жөлөк болушабы? Кеп мына ушунда.
Андыктан, Атамбаев азыртан эле тылын бекемдей бериши кажет. КСДПнын эски
«согушкерлерин» да кайра тартса жаңылбайт эле…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу