Атамбаевдин доорунда уурдалган акчалардын канчасы кайтарылат?

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо болжол менен 120-150 миллион доллар уурдалгандыгын ТЭЦтин мурдагы жетекчилери өздөрү айтышкан. Эми алардын канчасы өндүрүлүп, президент ачтырган эсепке түшүрүлөт? Коомчулукту кызыктырган суроо ушул. Эл үчүн бирөөлөрдүн камалгандыгынан да уурдалгандардын кайтарылгандыгы маанилүү. Эгерде уурдалгандар толук кайтарылса, коррупционерлердин тийиштүү мүлктөрүн конфискациялап, анан соттук чечим чыккандан көп өтпөй аларды мунапыс менен чыгарып жиберсе да болот. Анткени, тергөөчүлөр менен тыгыз кызматташып,уурдагандарын толук кайтаргандарга сөзсүз бир жеңилдик болушу керек. Ал кийинкилер үчүн прецедент, үлгү болот.

Россиянын “Коммерсанть” басылмасынын билдиргенине караганда, Бишкек ТЭЦи боюнча 13 адам камалса, алардын көпчүлүгү тергөөчүлөр менен кызматташып, аферанын кантип ишке ашырылгандыгынын сырларын ачыкка чыгарышып, айрымдары өздөрүнүн үлүштөрүнө тийгендерди да кайтарып берүүнү сунушташып жатышыптыр. Аталган басылма билдиргенге ылайык, бир фигурант 7 миллион долларды кайтарууга макул болсо, экинчиси 5 миллион долларды кайтарганга убада кылыптыр. Алар алгандарын кайтарышса, калгандары да карап турушпаса керек. Анан ал маалыматта, бул маселе боюнча эртедир-кечтир экс-президент Алмаз Атамбаев да сурак бере тургандыгы, тергөөнүн жүрүшүндө көп маселелер ошого барып такалып жаткандыгы айтылат. Эгерде депутаттар күзгү сессия башталары менен анын кол тийбестигин алып салышса, тергеп-тескөө иштерин адилет, калыс жүргүзгөнгө гана өбөлгө болмок.

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу