Атамбаевдин биринчи канайымдын жоолугуна асылган жигиттик эмес

Азыр Атамбаев «Соке досунун» катасын гана күтүп, өзүнүн ууга чыкчу мезгилин күтүп олтурат. Кирген-чыккан кишиге Атамбаевдин азыркы президентке сыны түгөнбөйт дешет. «Күтө тургула, мен шашпайм! Күндөн-күнгө кризис күчөйт. Эл азыр эле нааразы, эртең-бүрсүгүнү мен баштаган курулуш иштери да токтойт, Сокештин өзүнүн колунан бок дагы келбейт. Президенттиктен кеткениме бир жыл болгондо чоң маалымат жыйын уюштуруп, элдин алдына чыгам» дейт экен. Ал го ал. Досуна болгон күйүтүнүн күчүнөн айтып жаткан сөздөрү. Эки жигит, мурунку достор тиреше беришсин. Бирок, Атамбаев президентке сын айтып бүтүп, президенттин аялы, азыркы биринчи канайым Айгүл Токоеванын да дарегине сөз айтканын уктук. Көрсө, Атамбаевдин талабы боюнча улгайып эле калган Айгүл эжебиз эл алдына жоолукчан чыкпашы керек экен. «Биздин Кыргызстан — светтик мамлекет. Жээнбековдун аялы эмнеге жоолук тагынат? Бизди уят кылып атпайбы» деп айтат экен. Мунусун кандай түшүнсө болот? Ушул жигиттин оозунан чыкчу сөзбү? Мына туугандар, ойлонуп көргүлө. Мораль кимдин тарабында экенин билип алгыла.

Булак: «Жаңы Ордо»  

Аргумент.kg
Жооп калтыруу