АТАМБАЕВДИН БЕДЕЛИН КОРГОО БОЮНЧА СОТ БЕЛГИСИЗ МӨӨНӨТКӨ ЖЫЛДЫ

Президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоп Zanoza.kg сайтына, журналист Нарын Айыпка, Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакуновага жана Канатбек Азизге карата Башкы прокурор жазган арыз боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Тиешелүү чечим бүгүн, 1-июнда кабыл алынды.

Кечээ Башкы прокуратура “Азаттык медиа” мекемесине карата доо талаптарын артка кайтарып алган.

Башкы прокуратуранын арыз жазуусунун себеби аталган жарандардын 16-январда “Манас” аэропортунун жанындагы кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин билдиришкени себеп болгон.

Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркы 16 миллион сомго бааланып, ММКдан жана журналисттен 3 миллион сомдон, ал эми эки жактоочудан 5 миллион сомдон өңдүрүү талап кылынган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу