АТАМБАЕВДИН АРМАНЫНА КАЙСЫ ӨЛКӨ КАНДАЙ ЖООП БЕРГЕН?

Президент Алмазбек Атамбаев эл алдына чыгып ар бир сүйлөгөн сайын коомчулук кабатыр болуп, дагы “балп” эттирбесе болду деп санаркап ажонун сөзүн угууга ашыгышат. Ооба, мамлекет башчынын ар бир иш-чарада, майрамда айткан сөзү эл ичинде чоң талкууга алынып, айрым учурда эл оозунда тамашага айланып, “анекдот” болуп калып келет. Атамбаев кыргыз элин каалагандай атап, кыргыз саясатчыларына лакап ат коюп эле тим болбостон, эми өлкө башчы коңшуларга, чет өлкөлөргө дагы “асылганды” адатка айлантып алгандай. Ажонун ар бир айткан сынына башка мамлекеттегилер сөзсүз түрдө жооп кайтарып келишет. Бүгүн биз Атамбаев кайсы өлкөдөн кандай жоопторду алганын топтоп чыктык.

2017-жыл 10-май

Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Константин Затулин президент Алмазбек Атамбаевдин 9-майдагы сүйлөгөн сөзүнө жооп кайтарды.

Улуу Жеңиш күнүндө ажо ардагерлерди куттуктап жатып мындай деген: “Мамлекеттик думанын депутаты Константин Затулин «Россия-1» телеканалынан Кыргызстандан келген мигранттарга катуу чара көрүлүшү керектигин айтып, муну кыргыздар жаттар, алар Орусияда жашаган тарыхый элдердин катарына кирбейт деген”.

Депутат өз кезегинде мамлекет башчынын мындай сөздөрдү Улуу Жеңиш күнүндө трибунадан айтып жатканы өкүнүчтүү экенин жазган.

«Россия» каналынан чыккан Владимир Соловьевдун программасы 2017-жылдын 15-мартында эфирге чыккан жана ал учурда 2 жумадан соң Орусиянын жараны – Кыргызстандан келген адам Санкт-Петербургда метрону жардырат жеп эч ким ойлогон эмес. Бул берүү орус тилин билгендерге Орусиянын жарандыгын алууну жеңилдетүүгө байланышкан мыйзам долбоору тууралуу болчу. Көпчүлүк кыргыздар Орусиянын жарандыгын алгылары келет, бирок бул Орусиядагылардын баарына жагып жатат деп айта албайм. Борбор азиялыктарга бөгөт коюуну каалагандар да бар. Мен мындай дискриминацияга каршымын – бул орус салттарына жатпай, анын үстүнө Кыргызстан менен Казакстанга биз Евробиримдик аркылуу биригебиз”,-дейт Затулин.

Ошондой эле ал кыргыздарды жаттар деп атабаганын жана катуу чара көрүү керек деген сөздөрдү айтпаганын билдирип, бул сөздөрдү президент кайдан алганын билбей баш маң болуп турганын жазган.

“Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүрүп, ошол учурдагы бийлик тарабынан куугунтукка кабылганынан көп деле убакыт өткөн жок. Абдан начар болуп кеткенде анын өтүнүчү менен биз аны Москвадагы КМШ өлкөлөрүнүн институтуна чакырганбыз, бул менен ал Орусияда барктуу экенин көрсөтүү керек болгон. Бакиев менен анын каршылаштары ортосунда күрөш чегине жеткенде Атамбаевдин жердеши Андрей Бельянинов мага кайрылып, аны репрессиядан сактап калууну өтүнгөн, мен макулдугумду бергем”,-деп жазат ал.

Аны менен катар эле Затулин сөздөрү бурмаланганын жазып, Атамбаевди “Кыргыздын башкы этнографы” атаган.

2017-жыл 13-май

Ушул эле Улуу Жеңиш күнүндө мамлекет башчы өз сөзүндө Константин Затулинден сырткары Орус жазуучусу Михаил Веллердин ММКлардын бирине берген маегинен мисал келтирген. Буга жазуучу мындайча жооп кайтарган:

“Атамбаев айтып жаткан 2006-жылдагы маекти мен да, эл да унутуп калган. Анда Кыргыздардын аты аталган эмес. Негизи эле эч качан кыргыздар тууралуу эч нерсе айткан эмесмин. Азербайжан рыногундагы мафия жөнүндө айтканда Азербайжандын президенти эч нерсе деген эмес. Тажикстандагы баңгилик боюнча айтканымда тажик президенти да унчуккан эмес. Атамбаевдин ушинтип сүйлөшүнө эмне түрткү болду экен?”, – дейт Веллер.

2017-жыл 18-март

Президент Алмазбек Атамбаев Euronews телеканалына маек берип жатып : “Биз кимдир бирөө менен соода кылып, коӊшулар менен иштешибиз керек. Эгерде ЕАЭБга кирбесек бизди блокада коркунучу тооруп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе” деген пикирин айткан.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга карата айткан сөздөрү достук мамилеге кедергесин тийгизбей турганын билдирген.

“Улуу Абайдын казактар жана кыргыздар боордоштор деген сөздөрү бар. Биз коңшубуз. Президенттер, өлкөнүн жетекчилиги алмашып жатат, эл болсо кала берет. Аларда азыр абал башка, баары алмашып жатат, президенттик шайлоо болот. Шайлоо учурунда мындай нерселер боло берет”,-деген Назарбаев.

Ошондой эле ал 2010-жылы чек араны жапканын Кыргызстандагы саясий абалдын туруктуу болбогондугу менен түшүндүргөн.

“Ал жакта ушундай абал болуп жаткан. Мыйзамдуу президентин өлкөдөн кууп жиберишти. Түрмөлөрдөн камалгандарды чыгарышты жана алардын баары биз тарапка жөнөшкөн. Биз чек араны жаптык. Келечекте дагы ушундай абал болсо, чек араны кайрадан жабабыз. Кайсы өлкө өз чек арасын жаппайт экен? Түркия деле, Өзбекстан деле, Тажикстан деле жаап жатат. Ошондуктан бул жерде эч кандай күнөө жок, Кыргызстандагы абал себепчи болгон”,-деди казак башчысы.

Назарбаев ошол убактагы  президент Курманбек Бакиевди Казакстанга алып кетүү менен Кыргызстандагы абалды тынчытуу мүмкүн болгонун белгиледи.

Ошондой эле өлкөнү башкарып жаткан адам ар бир сүйлөгөн сөзүнө маани берип турушу керектигин белгилеп, бирок эки эл ортосунда душмандык абал болбой турганын айткан.

2016-жыл 3-август

2016-жылы 16-июлга караган түнү Түркия бийлигин оодаруу боюнча аскерий төңкөрүш жасоо аракети болгон. Расмий Анкара аны Фетхуллах Гүлен уюштурганын айткан. Ошондой эле тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандагы Гүлендин кыймылына тиешелүү кыргыз-түрк лицейлери жабылышы керектигин, Кыргызстанда да төңкөрүш жасоого белсенген күчтөр бар экенин билдирген.

Атамбаев болсо:”Түркиядан бизге 3 миллиард доллардын тегерегинде акчалай жана техникалык жардамдар болгон. Бирок “муну кыл” деген көрсөтмө менен берилген жардамдын кереги жок. Аны өзүңөргө кайтарып алгыла! Чавушоглу ушунчалык акылдуу болсо, Түркиядагы бийликти басып алуу аракетинин алдын албайт беле. Өзүнүн көзүнүн алдындагыны көрбөй, бизге акыл айтат”-деген.

Көп өтпөй түркиялык басылмалар Атамбаевдин мындай жообун сындашып, кыргыз ажосу аша чаап жатканын жана бой көтөрүү менен мамиле кылып жатканын жазып чыгышкан.

2016-жыл 2-декабрь

2016-жылы 1-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан Орусиянын аскердик базасы чыгарыла турганын айткан. “Кыргызстан келечекте өз күчүнө таянышы керек”,-деген ажо 2014-жылы өлкө аймагынан АКШнын аскердик базасынын чыгарылышы да туура чечим болгонун белгилеген.

Өз аймагынан Орусиянын аскердик базасын чыгарса, Кыргыз Республикасы терроризм менен жалгыз күрөшүүгө туура келет. Мындай пикирди 1-декабрда Орусиянын Федерация кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Владимир Жабаров билдирген. “Эгерде Кыргыз Республикасынын Президентине орусиялык базанын кереги жок болсо, демек, ал террористтик коркунучтарга, жакын жерде жүрүшкөн талибдерге каршы турууга даяр. Ошентсе да жыйынтык чыгарууга шашылбайлы, балким, жыйынтыгында башка чечим кабыл алынып калышы мүмкүн”, – деген Жабаров.

 

2015-жыл 27-февраль

Белоруссия Белорусь флаг

2015-жылдын 26-февралда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “кримавторитет” Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча билдирүү жасаган. Анда ажо аталган кылмышка Бакиевдердин катыштыгы бардыгы, буга Беларусь бийлиги чара көрүшү керектигин айткан.

“Жакында чуулгандуу Жаныш Бакиевдин мурдагы өзүнүн жакын адамынын үстүнөн Минскте жүргүзгөн кандуу криминалдуу “разборкалары” Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларуста өздөрүн эч качан жазага тартылбасын сезип, баш кесерлери менен кандуу жолун улантып жаткандыгын толук ырастап отурат. Бул тууралуу кылмыштын күбөсүнүн жарыялаган көрсөтмөлөрү ачык-айкын далилдеп, Беларустун борбор шаарындагы кварталдардын биринде Жаныш Бакиев жана анын жан жөкөрлөрү А.Анапияевди өлтүргөндүгүнөн эч шек туудурбайт.Урматтуу Александр Григорьевич Лукашенко жана достук мамиледеги беларусь эли көркоолорду колтугуна катып алгандыгын акыры түшүнөт деп терең ишенем.Беларусь бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маңызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек? Бул канкорлор кайда жүрсө дагы, колтугуна катып алган Беларуста дагы кан төккөнүн уланта берет!”-деген Атамбаев.

27-февралда Беларустун Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Алманбает Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу билдирүүсүнө жооп кайтарган.

“Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин Беларустун дарегине жасаган билдирүүсүнө комментарий берүүгө негиз жок. Мындай эмоционалдуу билдирүү жасоо цивилизациялуу өлкөнүн мамлекет башчысынын деңгээлиндеги нерсе эмес. Кылмыш иштерине эл аралык нормалардын негизинде баа берилиши керек. Бардык заманбап мамлекеттин Конституциясы жана мыйзамдарына ылайык, адамдын күнөөлүү экенин сот далилдемейинче, ал адамды кылмышты жасаган деп эсептөөгө болбойт. Кыргыз жериндеги айрым кылмыш процесстерине көңүл бурсак, бул өлкө адилеттүүлүккө башкача мамиле кылары көрүнөт. Мындай көрүнүш кыргыз мамлекетинин өз жарандарынын укуктарын коргой турганынан, сот адилеттүүлүгүн камсыз кыларынан шек жаратат.Беларусь Республикасынын тиешелүү түзүмдөрү өз ишин так аткарып, Кыргыз Республикасынын жараны делинген адамдын өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо жана аныктоого бардык керектүү чараларды көрүүдө. Алардын ишине кийлигишүү (анын ичинде чет өлкөлөрдүн жогорку деңгээлдеги адамдары тарабынан) туура эмес”,-деп жазылган маалыматта.

Булак: Кагана

Аргумент.kg
Жооп калтыруу