Атамбаевдин “Апрелден” айткан “ашмалтайлары”: “ Сапардын үй бүлөсү ахвалы начар. Акча алса андай болмок эмес”

22. Атамбаев: “Январда мечит ачам. Ал жактагы гранит менен үйдөгү гранит окшош. Гранитти уурдады деген калп”.

Окшошуп калганы баары бир шек туудурат экен. Шайтан алгырдыкы десе. Окшошпой калса болмок.

23. Атамбаев: “В Душанбе и Бишкеке сравнивает цифры по ТЭЦ. Душанбе алтын кен берди, мен андай кылсам жеп салмак кыргыздар”.

Алар курду ТЭЦти. Сапарлар болсо жарымын жеп койду. “Жерүйдү” бердиңиз эле, эл сизди жеген деле жок го.

24. Атамбаев: “ Сапардын үй бүлөсү ахвалы начар. Акча алса андай болмок эмес”.

Зилалиев деле ортозаар жашайм деген. Сапар анда кедей тура…

25. Атамбаев : “ТЭЦ куруп атканда мүмкүн бирөө уурдаган. Бирок Исаковдун күнөөсү эмне? ТБЕА компаниясын Кытай өкмөтү чечкен”

Сапар баш болуп уурдаган десеңиз эл алдында жүзүңүз жарык болмок.

26. Атамбаев : “ Ипподром Чолпон-Ата, тарых музей Бишкек мындай проекттер гранттык акчаларга салынган”.

Демек гранттык акчаларга салынган нерселерди жей берсе болобу?

27. Атамбаев: “ Прораб бирдеме уурдады балким тапсын кармасын”.

“Айранын ичкен кутулат, челегин жалаган тутулат” болбу ошондо?

28 . Атамбаев: “ Турция тарых музейге акча бөлүп анан мага таарынып акча бербей койгон”.

Туура эле кылган. Берсе дагы жеп коймоксуңар да.

Баса, «Текебаевди каматпай койсом болмок экен» дегени жана «Бабановго жөн эле куугунтук кылганбыз, мен анын алдында ыңгайсызмын» деген сөздөрү менен АША өз абийирин өзү ачып алган жокпу? Мыйзамды тебелеп туруп, адам тагдыры менен ойногонун мойнуна алдыбы? Андай болсо күч түзүмдөрү Атамбаевди жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн анын адам укугун тебелеп, жөн жерден саясатчыларды куугунтуктаганы үчүн кылмыш ишин козгосо болбойбу?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу