Атамбаевдин “Апрелден” айткан “ашмалтайлары”: “Президенттик шайлоо эң чоң адашкандык болду элден кечирим сурайм”

9. Атамбаев : “Көчмөндөр оюндары элди патриот кылды башын көтөрүштү”.

Тилекке каршы бул жерден да “сары балдарыңыз” бир топ эле “ашап” калды болуш керек.

10. Атамбаев : ” Эл айтып атат өзүн көтөргөн президент ушундай иш кылып атат, Байсалов Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп атат”.

Сиз айтсаңыз болот, анан булар айтса болбойбу? Ар ким өз оюн айтууга акылуу го жарыктык.

11. Атамбаев : “Президенттик шайлоо эң чоң адашкандык болду элден кечирим сурайм”.

Эч ким “адашкан” жок. Болгону “арашанда жамбаштап жатып башкарам” – деп сиз адашкансыз.

12. Атамбаев : “ Азыркы бийликке коңшу өлкөлөрдөн да пиарщиктер келиптир”.

“Аягы суюк кайнене, келининен шектенет” болбоңуз. Алексей Василивецкийлердин заманы өткөн.

13. Атамбаев : “Азыркылар Максим Бакиев сыяктуу элдин караңгы сезимдерин ойготкусу келип атат”.

Азыркыларды Максимге алыштырсам эле эл мени ээрчийт деп ойлойт окшойсуз. Бирок бул сиздин гана кыял.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу