Атамбаевдин “Апрелден” айткан “ашмалтайлары”: “Мен да адаммын адашам, кадр жагынан көп адаштым ката кылдым, бирок эл жер деп иштедим”

5. Атамбаев” “Жакшылыктар да болду Алия төрөдү”.

Кут болсун! Небере жытына мас болуп ырахаттанып өмүр сүрсөңүз ким кой деди?

6. Атамбаев : “Мен да адаммын адашам, кадр жагынан көп адаштым ката кылдым, бирок эл жер деп иштедим”.

Адашканда да көп жолу адаштыңыз. Элди жеген мителердин бир муунун өстүрүп чыктыңыз. Өлкөнү шопурларга, таразачыларга, жан сакчыларга, “кабылдама ханышаларын”, анан жемкорлорго талатып жибердиңиз.

7. Атамбаев : “ Ушакчылар кыйкырса дагы пока я был президент жашоо кыйла оңолду”.

Туура айтасыз. Албектин, Сапардын, Индиранын, Аскардын, Икрамдын, Абдилдин, Болоттун, Кубанычбектин дагы башка жаныңызда жүргөн “жан жөкөрлөрдүн” жашоосу кыйла эле оңолду. Бирок, элдин жашоосу эмес.

8. Атамбаев: “Элдин турмушу оңолду свет газ жол оңдолду дух которулду”.

Свет өчпөй калганы чындык. Бирок 700 киловатт коргондон кийин “акылдуу эсептегичтер” 2,16 тыйындан чөнтөктү кагып жатканы да чындык. Балдарыңыз “Автомашэлектро” акылуу электро энергияны Токтогул ГЭСинен арзан алып кымбатка сатып жатканы да чындык. Элдин духу алмустактан бери эле көтөрүңкү Болгону сиз аны түшүрбөңүз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу