Атамбаевдин айынан Кыргызстан “РусГидрого” 37 млн. доллар төлөйбү?

Орусиянын энергетикалык компаниясы “РусГидро” Кыргызстандан 37 миллион долларды өндүрүү доосу менен Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко бериптир. ЖМКлар муну Кыргызстандын өкмөтү ырастай электигин билдиришүүдө, ал “РусГидро” тараптан Кыргызстанды сүйлөшүүлөргө мажбурлоо максатындагы сигнал болушу да мүмкүн. Бирок, ошондой болгон күндө деле эгерде Кыргыз өкмөтү “РусГидронун” жетекчилиги менен бир столго отуруп, анын Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтерди курууга даярдык иштерине сарпталды деген 37 миллион долларынын тагдырын чечпесе, ал баары бир эртели кеч арбитраждык сотко берет, анда сөзсүз утушка ээ болот. Анткени, АША 2016-жылы жазында жөндөн жөн эле жогорку Нарындагы чакан ГЭСтерди куруу боюнча эки тараптуу келишимди денонсациялап, Кыргызстандын андан чыккандыгын жарыялап салган. Ким келишимди бузуп, андан чыкса, албетте, күнөөнүн баары автоматтык түрдө ага жүктөлөт. “РусГидродон” кийин Сапар Исаков чехтердин “Лигласс” деген компаниясын таап келип, аны менен келишим түзсө, ал эч кандай каражаты жок аферист болуп чыгып, ал да ишке ашкан эмес. Чындыгында эки ортодо турган долбоорго өзүн сыйлаган, мыйзамдуулукту карманган бир да инвестор келбейт, “Лигласстай” авантюристтер гана чыгышы мүмкүн.
Эми “РусГидронун” жетекчилиги Кыргызстан 2012-жылы түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузган соң ал даярдык көрүү иштерине сарпталган чыгымдарды төлөп, биргелешкен компаниянын 50 пайыздык үлүшүн милдеттүү түрдө сатып алуу жөнүндө да доо коюуда. Келишим бузулгандан бери 2,5 жылдан ашык убакыт өткөн менен Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтерди курууга кызыккан реалдуу инвесторлор табылган жок.
Демек, Кыргызстан үчүн АШАнын 2016-жылдын жазындагы демаршы катачылык болгондугун мойнуна алып, кайра келишим түзүп, курулушту уланткандан башка арга калбады.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу