Атамбаевде уят болсо, чыгып сүйлөбөй, элден тизелеп кечирим сурашы керек эле…

Атамбаев өзүнүн Апрель ТВсына берген интервьюсунда Жээнбековду Бакиевге салыштырып, аны менен Бакиевдин образын Жээнбековго жалаакорлугуна салып чаптаганга аракет кылыптыр. Бирок, канча далбас уруп, жалаа айтпасын Атамбаевге азыр эч ким ишенбейт. Өлкөнү кекиртегинен карызга батырып, тойгуча уурдаган митайымга ким ишенсин. Кырк кишинин башын жуткан Дача Су али элдин эсинен кете элек. Кычкачы 600 долларлык, миллиондор уурлалган былтыркы жарылганТЭЦти эч ким унуткан жок. Аз жерден Кыргыздын бешенесине бүткөн энергетика тармагын ээлеп ала жаздаган АШАнын Зилилиев аркылуу жасаган Лигласс аферасын унутуп койо элек эл. Жансакчысы, шопуру, таразачы, малчы, короочуларына чейин кызматка алып келип мэр, министр кылганын унута элекпиз да. Башкасын кой, береги Тарых музейинен жеген миллиондорун ким унутат? Атамбаев бүгүн аппак карга болуп кайсыл бети менен ошол былыктарынын баарысын ачып жаткан Сооронбай Жээнбековду жамандап жатат? Эгер бул кишиде аз гана уят деген сезим болсо, элге чыгып сүйлөмөк турсун Кыргыздан чөгөлөп туруп кечирим сураса жарашат. Бирок, аттиң АША да бет да, ыйман да, уят сыйыт дегенден эч нерсе калбай, «ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат» деген жагына толук өтүп алган экен.
Эми Бакиев тууралуу. Атамбаев бул сөздү бекер оозанып жаткан жок. Анын жан дүйнөсү так ушундай жалааларды ойлоп табууга өтө маш. Ошондой эле жака белиндеги Фарид сыяктуу желдеттери буга чейин да жалаа жабуу боюнча алдына киши салбайт экенин тастыктаган. Буга мисал, Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотоновдор бүт баары АШАнын ойдон чыгарган жалаасы менен камалышканын бүгүн элдин баары толук билет. Атамбаев эми так ошондой эле жексурлугун Жээнбековго көрсөтүп, аны Бакиевге салыштырып, үстүнөн жалаа төгүп баштады. Бакиевге салыштыргандай Сооронбай Жээнбеков эмне кылды? Коррупционерлердин бетин ачып, жегендерди кустуруп, миллиондорду уурдаган Атамбаев баш болгон ыпластардын маскасын сыйрып жатканы калппы? Ооба, кемчилик жок эмес, бар. Бирок, Атамбаев чалып кеткен «боткону» бир күндө, бир жылда кантип оңдойт? Кытайга чейин карыз кылып, Кыргыздын мойнуна салып кеткен АШАнын сыйыртмагынан кантип чыгат аз күндө? Чынында өлкөбүз азыр оор абалда. Азыр биз Атамбаевдин жалаасына алданбай, Жээнбековдун жемкорлор менен күрөшүн кубатташыбыз керек. Болбосо келечек коркунучта!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу