Атамбаевде кыпындай уяты болсо Баатырлык наамдан баш тартуусу керек

ЖК депутаты Сайдулла Нышанов баш болгон айрым эл өкүлдөрүнүн сунуштары, экс-президенттин тымызын өтүнүчүнүн негизинде өткөн жылдын декабрында Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген ардактуу наам ыйгарылган. Анда азыркы ири коррупциялык жаңжалдардын бири да ачыкка чыга элек болчу. Анда эч ким АША коррупциянын Баатыры болуп калат деп ойлогон эмес. Бишкек ТЭЦиндеги авария 2018-жылдын январынын аягында болгон. АША ал сыйлыкты КСДПнын сьездинде тапшырууну талап кылгандыктан, андан кийин коррупциялык жаңжалдар чыккандыктан экс-президентке ардактуу наамды тапшыруу ишке ашырылбай келген. Жакында АША эң жакын шакирттеринин бири, КСДПчы Ирина Карамушкинанын оозу менен өзүнө Кыргыз Республикасынын Баатырлыгы наамын тапшыруу маселесин койдурду.

Чын эле президенттин Жарлыгы менен наам ыйгарылгандан кийин ал ээсине берилиши керек. Бирок, аны эл кандай кабылдайт, ал эми ары жок Атамбаев жыл башынан берки ашкереленген коррупциялык жаңжалдардан кийин аны кайсыл бети менен кабыл алат? Чын эле ал Кыргызстандын жаңы тарыхындагы коррупциялык иштерге аралашкандыгы жагынан рекорд койгон президент болгондугу үчүн “Ак Шумкар” менен “Манасты” тагынышы керекпи? Кеп ушунда турат. Анда Сапар Исаковго,Жантөрө Сатыбалдиевге, Салайдин Авазовго, Айбек Калиевге 1-даражадагы, калган абактарга жаткандарга 2-3-даражалардагы “Манас” ордендерин берүү керек. Логикага ушуга барып такалып жатпайбы! Паханы Баатыр болгондон кийин калгандары да куру кол калбаш керек да.

Же Баатырлык наам биринчи бийлик башындагылар келген кеткендерге таркатып жатышкандай кол саатпы? Азыр коомдо АШАга, анын криминалдык башкаруу тобунун мүчөлөрүнө карата терс пикир бекем орногон. Баатырлык наам ыйгаруу тууралуу биринчи Жарлыгын жокко чыгаруу аракеттеги президентке да кыйын. Антип бийликти кыйнап, элде нааразылыкты күчөтпөстөн АША расмий түрдө Баатырлык наамдан баш тартып, Кыргызстанды карызга батырып, коррупциялык иштерге аралашкандыгы үчүн элден кечирим сураса, эң туура чечим болмок. Анда эл “АША канчалык жаман иштерге аралашса да ыйманынан бир нерсе калган экен” деп айтмак. Бирок экс-президентибиздин андай жигиттик кадамга барганга эрки, кайраты жетеби? Ишенимдүү “соратницасы” аркылуу тымызын Баатырлыкты тапшырууну суранып жаткандыгына караганда ары жоктун ага да акылы, эрки жетпейт окшобойбу…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу