Атамбаевде кыпындай уяты болсо Баатырлыктан баш тартып, элден кечирим сурамак

АША экске айлангандыгынын алгачкы айларында Баатырлыкты КСДПнын курултайында тапшырууну талап кылып, азыркы бийликти мыйзам бузууга мажбурлоого, өзүнүн мыйзамдан, ар кандай нормалардан жогору экендигин көрсөтүүгө аракеттенип келсе, акыркы убактарда тактекелери аркылуу “кандай жерде, формада болбосун тапшырсаңар эле болду эле” деген мааниде түз, кыйыр түрлөрдө суранганга өттү. И.Карамушкинаны же маалымат кызматы деп аталганында отургандарды АШАга Баатырлыктын качан тапшырылары чындап кызыктырат дейсизби? Албетте, жок. Карамушкина пенсия курагына жакындап калган адам, ал ЖКнын ушул чакырылышынын аягына чыгары менен саясый карьерасы да бүтө тургандыгын, АШАдан башка эч ким аны командасына чакырбастыгын эң сонун билет, ага жоготкудай эч нерсе жок. Ал эми жогото тургандары барлары; кайсыл көрдөн АШАнын тилине кирип, ал жерге барып калгандыгына ич күптүлөрү артып, бирок ачык кетип калганга бир жагынан эрктери жетпесе, экинчиден, ал жерден алып жаткандагыдай маянаны кайдан табышарын билбей, бирок АША айткандарды аткара беришсе, элге желмогуздай көрүнүп калышарын да ойлошуп, жегендери — желим, ичкендери- ирим болуп, зааралары житип жүргөн убак. Бул ыгы келгенде айтылып кетти. Ал эми кыштан бери ашкереленген коррупциялык жаңжалдардан кийин АШАга 1-даражадагы “Манас” орденине, “Ак шумкар” медалына кошуп, Баатырлыкты тапшыруу — элди, мамлекетти шылдыңдагандык, өлкөнү бүткүл дүйнөгө шерменде кылып, цивилдүүлүктүн жолунан биротоло чыгып кеткендигин, жемкорлорго сыйынууну даңазалоонун гана өзү болмок. Албетте, азыркы бийликтегилер эч качан ага барышпайт, бирок уят-сыйыт, намыс-ар дегенди алда качан унуткан АША Баатырлыкты тезирээк алууну түз жана кыйыр түрлөрдө сурана берери да чындык. Чын-чынына келгенде АШАнын сыйлыкка өзгөчө кызыккан деле жери жок, бирок ага Баатырлык тапшырылса, ал үчүн гана эмес, жалпы эл тарабынан коррупциялык жаңжалдарга анын тиешеси жоктугу ырасталгандыгы, мамлекетти өнүктүрүүдө чоң салымы бардыгы таанылгандыгы катарында кабылданарын, айыптоолордон, мүмкүн, түрмөдөн четте каларын билип, ошон үчүн гана сыйлыктын тезирээк тапшырылуусун эңсеп турат. 2017-жылы С.Жээнбеков биринчи Жарлыгы менен Алмаз Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарганда коррупциялык жаңжалдардын бири да ашкерелене элек болчу. Анда деле ал Жарлыкты жактырбагандар жетишерлик болгон, бирок бийликтин тынч жол менен мыйзамдуу алмашканы, элди жадатып бүткөндүн ыктыяры менен кеткендиги үчүн болсо да нааразылыктар ачык айтылган эмес. Коомду ушул жылдын башталышындагы Бишкек ЖЭБиндеги авария ойготту, козгоду, бир чака сууну башыбызга куюп жибергендей селт эттирди. Анан ЖЭБди модернизациялоого канча каражат жумшалгандыгына, алар кандай шарттарда алынгандыгына коомчулук кызыга баштаганда эле бардык былыктар чубалып чыга баштады. Айрым пенделери жашырышкан кылмышты, кудай элге боору ооруп өзү ашкерелеп таштады. Ага Улуттук тарых музейин оңдоодогу, Датка-Кемин чубалгысын, Түндүк-Түштүк автожолун куруудагы, “Белизгейттеги” ж.б. жаңжалдар кошулду. Булардын айрымдары боюнча дыкат текшерүүлөр жүргүзүлө башталгандары аягына чыгарыла элек. Бирок, алдын ала такталган маалыматтарда, чубалгынын, альтернативдүү жолдун ар чакырымы дүйнөлүк орточо баалардан бир нече эсе кымбатка курулгандыгы, курулуп жаткандыгы, алардын баары тийиштүү экономикалык, техни калык жана финансылык документтерсиз жүргүзүлгөндүгү айкын болуп калбадыбы. Калгандарын аныктап, тактоо убакыттын иши. Ошентип жыл башында Баатырлык наамды алууну маалкаткысы келген АША азыр элдин көзүнө бокочодой көрүнүп, чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот дегендей абалда турган убак. Эгерде АШАда азыраак уят, намыс калса, мына ушундай жаңжалдардан кийин менин наамды кабыл алганга моралдык укугум жок деп Баатырлыктан баш тартып, элден кечирим сурамак. Бирок, ал антпейт, тескерисинче, кудай ашкерелегендерди да азыркы бийликтегилерден көрүп, кекениши кекенген. Анткени, ал ага чейин далай уурулуктарды, элге оор кесепеттерин тийгизген жаман иштерди жасаган менен бирине да жооп берген эмес, ал үчүн жоопкерчилик болбостугуна көнүп калган. Бирок, аргамжы канча чубалса да аягы болот дегендей, бул ирет анын мыйзам сыйыртмагынан кутулушу кыйын болуп калды. АША ыктыяры менен Баатырлыктан баш тартпаса деле эки депутат демилгелеп жаткан мыйзам долбоорлору кабыл алынса, ал маселе укуктук жолдо чечилгени турат. Долбоорлор кабыл алынгандан кийин АШАга карата катардагы кылмыш иш козголот, анан Жогорку Кеңеш аны өнүктүрүп, Башкы прокурордун кароосуна жиберет. Ал эми Баш прокурор экс-президенттин иштеринде кылмыштын белгилери болгондугун расмий ырастаса, АШАнын баш коргоо чарасы өзгөртүлүүсү мүмкүн. Анан президент алардын негизинде өз Жарлыгын жокко чыгарып коёт, же ал Баатырлыктан соттун чечими менен деле ажыратылып салынат. Андай процедураларды күтүп акыйып отургандан көрө, АША өзү жигиттик чечим кабыл алса, эл айрым күнөөлөрүн кечирмек, бирок кудайдан жөө качкан даба жокко дары да жок болсо, эмне кылабыз. 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу