Атамбаевден оомат кеткенде, кача баштагандар

Атамбаев алдан тайып баратканын билген жандоочтору четке чыга башташты. Айрыкча бул көрүнүш Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясындагы депутаттар арасында ачык байкалып жатат. Айтсак, Рыскелди Момбеков Атамбаевден оолактап кеткени ачык эле билинди. Билинмек тургай шыбап да баштады.

Чыныбай Турсунбеков да так сүйлөй албай жымсалдап, Сооронбай Жээнбеков тарапка ыктап жаткандай. Төрөбай Закиров да күбүрөп-шыбырап Асылбек тараптын камчысын чаап баштады. Раим Матраимов болсо жымсалдамыш болуп, Атамбаевди өлөрчө согуптур гезитке берген маегинде. Командасынын чачырай башташына ким күнөөлүү?

Албетте, айланасына Кудайдан жөө качкан шылуундарды чогултуп алган Алмазбек Атамбаев өзү күнөөлүү. Атамбаевге туура эмес кеңеш берип келген кеңешчилери күнөөлүү. Эми дагы бир топтору сатат жакында.

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу