Атамбаевден жанындагылар азыр андан качып, жакында саламдашпай калышат.

– Өткөн жумадагы окуялар менин мурда айтып жүргөн сөздөрүмдү тастыктады. Атамбаевдин тушунда түзүлгөн соттук-репрессия кылуучу машина акыры бир күнү өздөрүнүн башына муш болуп тиймек. Мен кандайдыр бир кылмыш иштери эле козголбостон, ал камакка алуулар менен коштолоорун жаздым эле.

Ошого карабастан, мен сот тармагында бута чейин калыптанып калган схемалар бузулуп,  судьялар калыс жана таза болушуна ниет кылуудамын. Мунун орто мезгжл аралыгындагы негизги максаттардын бири экендигин бута чейин Сооронбай Шарипович да белгилеген. Ошонлуктан. бул багыттагы жылыштарды жалпы зл талап кылып, күтүп жатат. Жалпы эле укук коргоо органдары дагы тазаланууларга муктаж. Албетте, бул бир ай же бир жыдда боло калчу нерсе эмес, бирок максаттар алдыга коюлгандан кийин, анын жыйынтыгын күтүүбүз эле калды. Себеби – реформа мурдагы бийлик тушундагыдай квартираларды таркатып берүүнү эле түшүндүрбөйт: системдүү, сапаттуу өзгөрүүлөр керек. Иш ыргагын жана процедураларды гана тартипке келтирбестен, кызматкерлердин акыл-эсинде өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл.

Камакка алынгандар боюнча айта турган болсом, адам катары аларга боорум ооруйт, айрыкча, Кубанычбек Кулматовго. Мамлекеттик денгээлде ой жүгүрткөн, элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган саясатчы катары аларды аёоого акым жок. Бул мыйзам ченемдүү жыйынтык, ошондуктан алар үчүн акыйкаттуу жаан гумандуу сотту каалайм. Мурунку режимди сындап, адилетсиз кыйноого алынган мен, башка саясатчыларга окшоп ойдо жактан өлчөнгөн жазаны эмес, кылганына жараша алышсын.

Мен Атамбаевге андан ыдык коргон саясатчыларды чогултуп, жарашып, ке-чирим суроосун сунуштагам. Бизди актап берүүсүн суранган да жокпуз, муну соттор учуру келгенде өздөрү ишке ашырат. Биз болгону адам катары кетирген катачылыктарын моюнга алышын күткөнбүз. Бирок, ал буга барган жок. Жыйынтыгында Атамбаев жалгыз калды. Элдин баары андан кача баштады. Азыр го кача баштаптыр. Бир аздан кийин майрамы менен куттуктап, телефон чалмак тургай, салам бербей калышат. Бул туура эмес да. Убагында жолугушкусу келбей, кечирим сурабай койгон адамдар азыр аны колдомок да, жок дегенде моралдык жактан. Анын учурунда камалгандар эч нерседен коркпогон, көк жал азамат адамдар. Кийинкисинен коркпой, чындыкты айткандан тартынышпайт. Мына ошол баатыр мүнөздөрү үчүн азап тартышкан.

Ар ким өз жолун өзү тандайт. Атамбаев да өз жолун тандады. Мен, элден чыккан ар бир адам катары азыр объективдүүлүктү жана акыйкаттуулукту гана каалайм, башка эч нерсенин кереги жок.

Кошумчалап кете турган нерсе, коомдук-саясий кырдаалдын курчушу, тополондор – суу кечпеген бош сөздөр. Атамбаевдин командасы калган жок. Айрым жакындары, бир туугандары калса калгандыр, бирок булар команда боло албайт. Саясаттагы команда эл ичинде кадыр-баркы, салмагы бар, элди ээрчитип кете ала турган, ишениминен чыкпаган адамдардан турса көркүнө чыгат. Мындай адамдардын Атамбаевдин тегерегинен көрбөй турам…

Нариман Түлеев

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу