Атамбаевге эл күлсө дагы Темир күлбөсүнчү

“Эри өлгөн катын кошокчу” болуп, бир кезде кызматынан айрылышкан аткамиенрлер  таарыныч, ызаларын экс-президенттен чыгарышып, ыгы келсе да, келбесе да, жарашса- жарашпаса да сын айта башташты.

Мына «Балыкчы-Корумду» жолун куруудагы чырга байланыштуу өкмөт башчылыктан кеткен Темир Сариев: “Премьер-министрликтен кетишиме парламенттин эмес, президенттин чечими негиз болгон», — деп “Марал” радиосуна маек берип жатып каңырыгын түтөттү. Жүйө катары президенттик шайлоого кара­та “бул катуу чыгып жатат, эл оозуна алынып кетти, эртең биздин кандидатка атаандаш болуп кетпесин” деген саясат менен кызматтан кетүүгө аргасыз кылышканын мисалга тартты, деп жазат Фабула гезити.

“Ачуу чындык бар жерде алгач калпычы жымыят” болуп, чындыгында аталган гезит жазган макалада чындык бар.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айрым бир атка минерлердин темир тор артына тыгып, саясаттан изин кууп туура эле кылган. “Боёкчу боёкчу десе, сакалын кошо боёптур” дегендей эл сүйлөсө дагы Темир Сариев сүйлөбөй эле койсо жарашат. Тепеңдеген Темир Сариев Алмаз Атамбаевдин короосуна таш ыргытпай эле койсо жарашат. Анткени өзүнүн короосунда “фура-фура” таш бар.  Андан көрө Темир Сариевди азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков «Балыкчы-Корумду» боюнча асафальттын астында калып кеткен акчаларын мурундан сыгып алыш керек. Бул боюнча Аргынбек Малабаев кызматтан кеткени эсибизде. Бул киши дагы Темир мырзага тар чөйрөдө муштум кезеп жүргөнүн уктук.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу