Атамбаевге Текебаев: «Мен Текебаевмин, мен эч жакка качпайм, сениби!», деп…

Мамлекеттик резиденциядагы үйүндө Атамбаев өзү жалгыз отурат. Маңдайында кап ортосунан ылдыйлаган «Русская водка». Тегерегинде куюп берер бир да киши жок. Демейде көлөкөдөй ээрчип жүргөндөрдүн эч кимиси көрүнбөйт. Өзүнө өзү дагы 100 грамм куят. Тартып ийейин дейт, бирдеңке жетишпейт.

– Алып ийиңиз, алып ийиңиз, – дечү үндөр угулбайт. Демейде тегерегинде кезектешип: – Улуу урматтуу шефтин өмүрү узун болсун, – деген тосттор кулагына жаңырыктайт. Бирок өз көлөкөсүнөн бөлөк караан жок. Айланасы жым.

Өзүнө өзү дагы бирди куят. «Алып ийиңиз» дечү эч кимиси жок дале. Демейде закүскөсүнөн өйдө оозуна камдап тургандарды бүгүн жер жуткандай.

Өзү үчүн өзү кайрадан тост көтөрөт:

– Миң достон ажырасам да жалгыз досум «Русская водкадан» ажырабайын. Муну мен айтпасам ким айтат… Жанымда сенден башка ким калды?! Ким?! – деп «Русская водка» менен маңдай-тескей отурат дейт өзүнө амандык тилеп.

*  *  *

Достору көзүнөн учуп отурган АША уктайын деп жатса, көзүнө көрүнчүлөр пайда боло баштаптыр.

– Мен Текебаевмин, мен эч жакка качпайм! Сен качасың! Мөөнөтүң бүткөндөн кийин өзүм сүйлөшөм деп эскерткемин сага! Жердин түбүнө кире качсаң да таап чыгам!

*  *  *

АША түшүндө Ала-Тоо аянтында күпүлдөп атыптыр:

– Мародёрлордун жүзү ачылат акыры… Көрөсүңөр! Бакиевдердей силер да качып кетпегиле. Кача албайсыңар. Баардыгы ачылат. Кадыржан Баатыровду кимдер качырганы… Баардыгы, бардыгы ачылат!

Ойгонсо, жамынып жаткан үстүндөгү төшөгү сыйрылып, өзүнүн көчүгү ачылып калыптыр.

Каркыбар КАЛМАКБАЙ

Булак: Рух.эш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу