Атамбаевге кылмыш иши козголсо, ага Максимчиктин досу Елисеев адвокат болобу?

Кыргызда айтылып келүүчү: «Таш менен урганды аш менен ур» деген учкул кепти кыязы Максим Бакиевдин досу Алексей Елисеев абдан жакшы билет окшойт.
Эгерде сөздү башынан айтсак мындай, «Ата-Мекен» партиясынын абакта жаткан лидери Ө. Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов социалдык түйүндөгү баракчасына: «Өтө кызык? Эгерде АШАны камап койсо, анда анын кызыкчылыгын тергөөдө, андан кийин сотто ким коргойт?» деген суроону кабыргасынан койгон пост жазыптыр.
Анан албетте, анын алдында толтура комментарийлер жазылган. Ошолордун арасында кадимки Максим Бакиевдин досу Алексей Елисеевдин да комментарийи бар. Анын жазганы мындай: «Мен ага чын дилимден ЕСдан саясий баш паанек алып берүүгө жага Интерполдун издөөгө алуусунан алып салууга жардам бере алам. Абсолюттуу түрдө чын ниетимден. Бирок, кымбат…».
Мындан кандай тыянак чыгарсак болот? Биринчиден, А. Елисеев анын адвокаттык лицензиясы үчүн Аида Саляновага кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылып калганына да кайыл болуп, Атамбаевге жардам бергиси келип атканы – анын кек сактабай тургандыгын көрсөтүп турат.
Экинчиден, Максимчиктин арам жол менен табылган акчаларын адалдап көнүп калган Елисеев эми АШАга адвокаттык кылуу аркылуу, анын алты жыл ичинде «мойсогон» миллиондорун адвокаттык кылуу менен өзүнө «адалдап» алгысы келип туру окшойт. Эмнеси болсо да, А. Атамбаевге А. Елисеевден башка адвокат деле чыгышы кыйын болуп калды.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу