Атактуулардын фобиясы

Атактуулар эмнеден коркот? Ушул суроону улай, биз жооп издеп көрдүк. Келгиле достор, анда биз алардын өз оозунан угалык.

 

Ширин Сарыгулова, манасчы, актриса: «Маршруттук унаа каттамдарынан корком»

— Менин фобиям шаар ичиндеги кичи автобус, маршруткалар.  Алар жол эрежесин сакташпайт. Арткы жандыргычтарын  күйгүзүшпөй, капыс жерден чыга калышат. Адам өмүрүнө жана унаа айдагандарга коркунуч жаратып келишет. Жолду ошолор салгансып, кенен жүрүшөт. Дайым баарыбызга тоскоолдук жаратып, көпчүлүгү жол кырсыгына алып келет.  Менин фобиям ушул, абдан корком.

Бакыт Осмонканов, актер: «Курт-кумурсканы көргөндө коркуп кетем»

— Фобиям — курт-кумурска. Себебин билбейм, кичинекей кезимен эле корком. Үйдө курт болуп калса, аялым аларды кууп чыгат.

Ильяз Андаш, ырчы: «Жыландан үйдөгүлөр коркутуп коюшкан»

— Менин фобиям жылаан! Кичинемден бери эмнегедир корком. Үйдөгүлөр «Жолобо, жаман болот. Өлтүрбө, каргайт!» дей беришип, жыландан башынан эле коркутуп коюшкан!

Алымбек Адылбеков: «Бийиктик менен караңгылык бириккенде…»

— Ойлоп көрсөм, азыр эч нерседен деле коркпой калдым. Бирок, анткен менен кээде ээн талаада караңгыда калып кетсем, ар-нерсени элестетип, аябай коркуп кетем. Жаш кезимде бийиктиктен аябай коркчумун, азыр көп деле корко бербейм.

Нэна, ырчы: «Сууга чөгүп кете жаздап…»

— Суудан жана бийиктиктен аябай корком.
Кичинекей кезимде «Сууга түшө калам» чөгүп кете жаздагам. Ошондон соң, суудан коркуп калгам.

Айпери Сыдыкова, ырчы: «Жаным таттуу, дагы көп жашагым келет»

— Фобиям — бийиктик жана терең суу. Суудан корконумдуктан, боюмду көмбөгөн жерде эле эптеп чөмүлүп жүрө берем. Жакшы да чөмүлө албайм.
А бийиктиктен эмнеге коркооорумду өзүм да билбейм. Негизи жаным таттуу, дагы көп жашагым келет. Ошого коркот окшойм…

Айгерим Акылбекова, алып баруучу: «Коркконумдан «Апалап» кыйкыргам»

— Бийиктиктен корккондугума байланыштуу, атракциондорго ушул жашка чейин түшпөй келем. Эсимде, чоң эле куракта американские горкиге түшүп алып, көзүмдү жумуп алып, ачпастан «Апалап» кыйкырып чыккам.

Актан Рыскелдиев, актер:  «Жылан мени кубалаган»

— Жыланды көргөндө эсиме келе түшөм. Кичинекей кезде суудан жылан мени кубалаганы үчүнбү же өзүнүн эле сүрү барбы билбейм. Айтор, анчалык коркпосом да, жүрөк бир «Болк» дей түшөт…

Назэль, ырчы: «Чегирткеден коркуп, курбумдун жүрөгүн түшүргөм»

— Мен курт-кумурскалардан, жөргөмүштөрдөн, кескелдириктерден аябай корком. Малайзияда жашап жүргөндө жолдон кетип баратканда, жанымдагы курбу кызымдын ийининдеги чоң чегирткени көрүп, каттуу секирип кыйкырганымда, ал да кошо секирип, «Сен эмне крокодилди көрдүңбү?» деп сурады… Көрсө, ал чегирткеден эмес, менин кыйкырыгыман жүрөгү түшүп калган экен. Өзүбүзгө келген соң, көпкө чейин күлгөнбүз эсимде.

Нияз Абдразаков, ырчы: «Жөргөмүштү өлтүрүп салмайынча уктай албайм»

— Фобиябыз жылан, жөргөмүш жана ар кандай майда жандыктардан… Үйдөн жөргөмүш көрүп калчу болсом, аны өлтүрүп салмайынча уктай албайм.
Айылда жашаган учурда, бир жерден жылан көрүп калсам, ошол жакка эсимден чыгып, унутуп коймоюнча такыр барчу эмесмин.

Байыш Момунов, ырчы: «Коркконумда эртеси оозума учуктар жайнап чыгат»

— Меники жылан. Андан өлө корком. Айылда жүргөм, анан бир нерсе керек болуп, тапчандын астына кирсем, жылан жатыптыр. Аны байкабай, мага керектуу нерсемди алайын десем эле, «Вы-ыыш» деген үн чыгып, мен жакка беттеп,  келе жатканда тапчандын астынан кантип атып чыкканымды билбей калыптырмын. Коркконумдан эртеси оозума учуктар жайнап чыгып кеткен. Аябай чыйрыгып ооруп, 1 жума дегенде өзүмө келгем. Ошондон бери жылан көрсөм абайлап жүрөм.

Назира Айтбекова, алып баруучу: «Бийикке чыгып алып, тердеп-кургай берем»

— Бийиктиктен корком.  Бийиктен жерди же жерден бийиктикти карасам деле башым айланып, кызыктай боло түшөм.  Түшүмдө бийиктикке чыгып алып эле буттарым калчылдап, тердеп-кургай берем. Бирок, түшүмдү дайыма жакшылыкка жоруйм. Бийиктикке болгон коркуумду жоюу үчүн парашюттан секиргим келип жүрөт.  Адреналинди жакшы көрөм!

Нуржан Ташболотова, диктор, алып баруучу: «Менин коркунучум «Акрофобия»»

— Мен бийиктиктен корком б.а. «Акрофо́бия». Бийик имаратка же тоого чыксам, ылдый жакты карай албайм. Негизи эле, бийиктикке чыкпаганга аракет кылам. Ал эми, учакка түшкөндө бул коркунуч күчөгөндө, абалымды сурабай эле коюңуз…

Самара Каримова: «Ужас кинолордон корком»
Менин фобиям күлкүлүү болушу мүмкүн. Бирок, ужас кинолордун абдан корком. Азыр 25 жаштан өтсөм да, ушул кезге чейин бир да жолу андай тасмаларды көрө элекмин.
Кичине кезимде куурчактар туурасындагы ужас кинону көрүп калып, ошондон улам коркуп калгам. «Уктап жатканда алар келип союп салат» деп үйдөгү куурчактарымдын баарын өрттөп салдым эле. Ошондон соң, коркконумдан оозума учуктар чыгып кеткен.

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу