Атай Өмүрзаковдун сүйүү үч бурчтугу…

Бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу күйөрмандары менен кызыктуу жаңылыгы менен бөлүштү. Анын айтымында кандайдыр бир «Жаона Гарза» аттуу кыз ага сүйүүсүн арнап жазат, анын артынан эле «Жесус Матта» аттуу жигит коркутуу каттарын жаза баштайт. Бийчинин айтымында бул корүнүш бир жылдан бери уланып келет.

«Буларды эмне кылсам болот? Кыз мага дайыма жазат а ал мени коркутат. Кара тизмеге салып салсам башка баракчалардан жазышат.» -деп пост жазды Атай Өмүрзаков.

Анын бул постуна бийчинин катталуучулары кызыктуу пикирлерди калтырууда. Колодонуучулардын бири: «Сүйүү үч бурчтугу» -деп тамашалуу пикир калтырды. Ал эми Атай өзү бир жылдан бери эч нерсе түшүнбөй жатканын айтат.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу