Атага кат…

Атага кат… Ушул эки ооз сөздү окуп алып, өңүм бир аз кубарып, бир аз маанайын түшүп кетти. Ичимен «Чындап эле атамды ойлоп, жакшы сөз айттым беле?» деп өзүмө суроо салдым. Ооба, бала кезимде атамдын мойнунан кучактап, колунан жетелеп алып жүрчү элем. Атам экөөбүз сарайдан айылга чейин велосипед менен келчүбүз. Атам мени ошол велосипедге өңөрүп алчу эле (ал кезде сарайда турчубуз, айылдын бир четинде). Кийин апам ооруп, кыштакка көчүп келдик. Андагы окуялар кичинекей бала болгонумдан бирин-экин эле эсимде калыптыр… Сарайда атамдын иниси жашап калды. Антсе деле атам ал жакка барып-келип, малдарды каралашып жүрдү. Жай айларында кызыл нерселерди терип, (аталышы жадыман чыгып кетти, талаада өсөт) жүз аарчыга ороп келээр эле. Канча ирет тамшанып жедим. Бах чиркин, анын таттуу даамы таңдайымда азыр да турат… Анан да сайларда өскөн сагыз чөптүн башын эртең менен үзүп коюп, кечке маал же түшкө маал сагызын үзүп келип берээр эле. Чөптүн сүтү сыртка чыгып, сагыз болуп катып кала турган. Азыр айылга барсам баары айта берет, «Сен өтө ыйлаак болчусуң, байкуш атаң бешик терметип эле отурчу. Ал кезде апаң болсо катуу ооруп да калган…» деп. Атамдын айтуусунда, мен ыйлаганда «Азирет ыйлап жатат» деп, ата-энем ызы-чуу болуп, чый-пыйы чыгып кетчү экен. Көрсө, ыйлап жатып, көпкөк болуп, өңүм кубарып, үнүм чыкпай калчу тура. Күн болобу, түн болобу, айтор, кайсыл убак болбосун ата-энем мени көтөрүп алып, аркы өйүздөгү (биздин айыл эки өйүздөн турат) бир апага көтөрүп барып, дем салдырып, куран түшүртчү экен. Ошондо гана бир аз өңүмө кан жүгүрүп, эс алып калаарымды айтып калат. Атам тууралуу айта берсем сөз бүтпөйт го чиркин… Менин айыман канча азап тартты… Кийин 7 жашымда апам узак оорунун айынан бул жарыкчылык менен кош айтышты. Анда деле билбейм, баламын да. Бир кезде көзүмдү ачсам, мен жаткан бөлмөдө эмес, башка бөлмөдө жатам. Сыртта зар какшап ыйлаган үндөр угулуп турду. Жанымда жаткан мени менен жашташ аталаш тууганым Нурбекти «Тур, бирөөлөр ыйлап жатат» деп ойготтум. Экөөбүз каалаганы ачып шыкааласак, сырткы эшик ачык экен. Сыртта боз үй тигилген, бир бөлмөдө аялдар кошок кошуп ыйлап жатса, бир бөлмөдө эркектер чай ичип жатышыптыр. Анан сыртка жөнөдүм. Эшиктеги орундукта атам калың тонун кийип, көңүлү суз отуруптур. Түн бир оокум, күздүн күнү эшик суук… Атам мени бир кезде көрүп, «Уулум, келчи бери» деп өзүнө чакырды. Адатымча чуркап барып, кичинекей колдорум менен атамдын моюнуна асылдым. Атам мага канчалык көз жашын көргөзбөйүн десе да, өзүн кармай албай «Балам, экөөбүз жалгыз калдык…» деп жаны кейип, озондоп ыйлап жатты. «Эми апам жокпу? Ал таштап кеттиби?» деген ойлор келип, эки жакты элеңдеп карап, энемди издеп баштадым. Апам жок… Боз үй тигилип, элдер өкүрүп келип жатса да, апам дүйнө салып кете бергендигин туйбаптырмын. .. 3-күн дегенде апамды жерге бердик. Бизде денени 2-3 күн кармашат. Жер жайнаган машинелер менен айыл четиндеги күмбөздөрдү көздөй бара жаттык. Апамдын каза болгондугун ошондо гана түшүндүм. Машинеге жатып алып, үнүмдү чыгарбай ыйлап бара жаттым. Бала болсом да, эми кайтып келбесин билдим. Бир кезде апамдын денесин көтөрүп, жер алдына алып кирип кетишти. Анан көрдүн оозун ныктап бекитип, топурак төгө башташты. «Апамды чыгаргыла, аны көмбөгүлө! » деп чаң салгым келди. Бирок, адамдар өлгөн соң жерге берилээрин билчүмүн. Токтоолугуман өзүмдү кармап турдум. Куран окулган соң, элдер тарай башташты. Мен кетким келбей отурдум. Бирок, байкем (атамдын иниси) колуман мыкчый жетелеп кетти. Үйгө жоон топ киши менен өкүрүп кирип келдик. Кээ бири ыйламыш болуп тек гана үнүн чыгарып жасалма өңгүрөсө, жакын туугандар чындап эле ыйлап келе жатты. Аттиң, азыр апамды эскерип калган окуялар менде өтө аз…
Кийин атам экинчи турмушун курду. Мен каршы болгон жокмун. Себеби, атамды аядым. Кудай жалгап, ал апам өз энемдей болуп азыркы кезге чейин мен үчүн жанын берчү жерден берет. Мен ага эки дүйнөдө тең ыраазымын. Аллах ага ыраазы болсун (Бул апамды башка эскерүүлөрүмдө кененирээк баяндайм).
Ишенесизби, атам мага бир да ирет катуу кыйкырып жаман айтып, кол көтөргөн жок. Менчи… Жаштык кылып, убагында көп ирет сөз кайтарып, урушуп салчу элем. Андагы атамдын абалын азыр түшүнгөндө жаным кейип кетет. Атам болгону 58ге чыкты. Анткен менен оорукчан болуп, жакшы баса албай калды.
Ата, мени кечириңиз… Убагында кылган кемчиликтеримди, каталарымды кечириңиз. Мен сизди сүйөм ата, жакында жаныңызга барам. Кечириңиз ата…

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу