Асынып калган кызды видеого тартып, аны таркаткан милиционерге чара көрүлөт.

Бишкек шаарында жаш кыз өз өмүрүнө кол салганына күбө болуп, дене табылган учурдагы окуяны видеотасмага тартып алган милиция кызматкери аны WhatsApp аркылуу тараткан. ШИИБдин маалыматы боюнча, Биринчи май РИИБдин жетекчилиги кызматкерлердин арасында дисциплина бузулуп, укуктук ченемдик актылар аткарылбаганын аныктаган. Такталган маалыматтар боюнча, Биринчи май РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты У.Жамшит ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө окуяны мобилдик телефонуна тартып алып, аны көпчүлүккө тараткан. Буга чейин Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде 23-25 жаштар чамасындагы кыз асынып каза болгону тууралуу маалымат тараган. Айрым маалыматтар боюнча, анын денеси 10 күндөй асылып турган деп болжолдонууда. Денени 21-декабрда саат 23:10 чамасында жашоочулардын чакыруусу менен барган куткаруучулар табышкан. Дене милиция кызматкерлерине берилип, тактоо иштери улантылууда. Кыздын денеси табылган учурдагы видеотасманы тараткан милиция кызматкеринин үстүнөн учурда кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак:turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу