Асылбек Жээнбеков өзүнчө партия түптөп жатат деген жалган!

Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди бири-бирине тукуруу саясаты ишке ашпайт. Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун тышкы жана ички саясаттагы алгачкы ийгиликтүү кадамдарына айрымдардын ичи күйгөнүнөн өйдө-төмөн сөздөрдү ар кандай ушактарды таркатып жаткан кези. Жалпы кыргыз журтчулугуна кылган ак кызматынан кынтык издеп таба алышпай, эми анын бир тууган иниси, депутат Асылбек Жээнбековду жаманатты көрсөтмөй аракетинин аркасы менен асылгандарын токтотпой келишет. «Өзүнчө партия түптөп жатат, жаш премьер-министр Сапар Исаковду жумуштан айдайт» деген ушак айыңдарга биринчи класстын балдары деле ишенбейт!
Эскертип коёлу, Асылбек Жээнбеков бакандай Жогорку Кеңештин спикердик кызматын агасы Соорон­бай Жээнбеков премьер-министр болуп келгенде өткөрүп берген. Азыр ал катардагы депутат. КСДПга сиңирген көп жылдык эмгеги, бул партияга берилгендигин билбей эле ушак тараткандарга жол болсун! Кийинки парламенттик шайлоодо дагы мурдагы президент Алмазбек Атам­баев менен бирге ушул эле КСДПнын тылын бекемдеп, болгон жардамын аябайт деп ишенимдүү айтса болот. Анткени бир тууган Жээнбековдор кадырлуу атанын уулдары, мансап, байлык үчүн өз абийирине каршы иштебейт! Асылбек Жээнбековду жаман көрсөтүүнүн түпкү максаты эски санаалаштар Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атам­баевди бири-бирине тукуруу саяса­ты. Мындай арам тилектер эч качан ишке ашпайт. Анткени, Жээнбеков менен Атамбаев мындай сыноолордун далайын баштарынан өткөргөн.
Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу