Асылбек Жээнбеков болбосо КСДП партиясы 2015-жылкы шайлоодо парламент босогосун аттабайт болчу

шул жылдын 31-мартында КСДП партиясы курултай өткөрө турганын жарыя кылган. Бирок, ал чындыгында курултай эмес эле, тар курамдагы партиянын жыйыны боло турганы да маалым болгон. Ошол жыйында эле партиянын лидерлигине экс-президент А. Атамбаевди шайлоо аракети жасалары да күтүлүүдө.

Баарынан кызыгы мына ушул партия жыйынына, анын белдүү өкүлдөрүнүн бири болуп саналган ЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун чакырылбай калганы болууда. А. Жээнбеков маалымат булактарынын бирине жыйын тууралуу маалыматы жок экендигин билдирген. Ал 2007-жылдан бери карай КСДП партиясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча координатору да болуп келет. Анан партиянын маанилүү жыйынына анын чакырылбай калышы көп суроолорду жаратат.

Экинчи жагынан алганда, КСДП партиясынын шайлоолордо алдыга озуп чыгып келишине да А. Жээнбековдун салымы өтө чоң. Биз мурдагы парламенттик шайлоолорду айтпай эле, 2015-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу токтоло кетели. Баарыбызга маалым болгондой бул шайлоодо КСДП партиясы жалпысынан 432 846 добуш топтоо менен башка партиялардан ат чабым алдыга озуп келген. Ал эми ошол жалпы добуштун 150 миңге чукулу Ош шаары жана Ош облусунан берилгенин да БШК тастыктаган. Тактап айтсак, Ош шаарынан 29 413 добуш, ал эми Ош облусу боюнча 119 199 добуш топтолгон. Ошондо КСДП алган жалпы добуштун үчтөн бир бөлүгү А. Жээнбеков координаторлук кылган Ош шаары жана Ош облусунан болгон.

Мына ушунун өзү эле А. Жээнбековдун КСДП партиясындагы салмагы канчалык экенин көрсөтүп турат. Кыязы, муну экс-президенттин жан-жөкөрлөрү көмүскөдө калтыруу аракетин көрүп атышса керек. Бирок, акыйкаттык деген баарынан улук болот. А. Жээнбековду жыйынга чакырбай коюу менен экс-президент А. Атамбаевдин Ф. Ниязовго окшогон «аткошчулары» кандайдыр бир провокация жасоону максат кылып жатышкандай.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу