Астанада Нурсултан деген аталышка каршы чыккандар кармалды…

Астанада шаардын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы чыккандар кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-мартта Астананын акимчилиги жайгашкан аянтта баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы акция өткөнү жаткан. Бирок чогулган онго жакын кишини полиция автобустарга салып кетти.

Шаршембиде казак парламенти коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нурсултан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген.

Астананы Нурсултан деп өзгөртүүнү 20-мартта ант берип, президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган — деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу