Астанада биздин улакчыларга кысым болбойбу?

Казакстандын борбору Астана шаарында казак боордоштордун көкпара, бизче кадимки
эле көкбөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөнү турат. Ал август айынын 20-28дерине
белгиленди. Бизди эки нерсе кызыктырат. Биринчиси, казактардын көкпарасы, анысы
биздин көкбөрүдөн эмнеси менен айырмаланат. Экинчиси, казак-кыргыз ортосунда
көкбөрү оюнунда бир аз ич күйдүлүк бар. Чечмелеп отуруунун кажети жок, баарыбыз эле
билебиз. Биринчи маселе боюнча тактоо иретинде айтып кетейин, көкпарада улакты
биздикине окшоп тайказанга салбайт. Диаметри 3 метр болгон айлампага таштайт. Оюн
талаасы казактардыкы бир аз чоңураак, болду. Ал эми экинчи ичкүйдүлүк маселе боюнча
айтыш кыйын. Ансыз да улакчыларыбыз кылдан кыйкым издеп турганда алдын ала
«тигиндей болот же мындай болот» деп айта албайбыз. Болгону казак боордоштордун
абийирине жана кыргыз улакчылардын сабырдуулугуна коёбуз.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу