Ассолдун душмандары анын ачуу чындыкты айтканын жактырышпайт…

Быйыл белгилүү алып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага бир нече кол салуу болгон. Ал муну өзүнүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырат.

Анын айтымында, бул тууралуу ал унчукпай келген, эми айтышым керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда айтып берди.

“Мен ачуу чындыкты айтып келем, чынында ал кимдир бирөөгө жакпайт. Биз муну баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Азыр буга көз салып, угуп турган адамдар кырсык болот деп күтүп жүрүшөт. Сиздерди капалантат болушум керек. Анткени, бул ишти ИИМ, ошондой эле менин жактоочум жеке көзөмөлүнө алды”, — деди ал.

Ал билдиргендей, акыркы күндөрү эле ал милицияга эки арыз жазган. Себеби, бирөөлөр унаасынын дөңгөлөктөрүн жарып кетишкен. Аларды оңдогондон кийин окуя кайра кайталанган.

“Өткөн жумада шибеге менен дөңгөлөктөрдү жарып кетишиптир. Кечээ баардык текшерүүлөрдөн кийин унаамды аман-эсен ТТСтен алып келгенбиз. Эртең менен айдоочум менен Кытайдын элчилигине бара жатканда унаанын дөңгөлөктөрү чыгып кете жаздады. Анын баардык бурамалары бошотулган экен. Балким, кырсык болуп кетет деп күтүшсө керек”, — дейт алып баруучу.

Ошондой эле ал бир жыл мурда ага кол салуу болгонун айтты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу