Аспиринди күн сайын ичүүнүн пайдасы айтылды

Адистер башы жана моюну ракка чалдыккан жана беш жыл жашайт деген 266 бейтаптын маалыматтарын карап чыккан.

Рак илдетине чалдыккандар аспиринди күн сайын ичсе алардын жашап кетүү ыктымалдыгы 78 пайызга жогорулай турганын Колифорния университетинин изилдөөчүлөрү аныкташкан. Окумуштуулардын ишинин жыйынтыгы Journal of Experimental Medicine басылмасына жарыяланды.

Окумуштуулар шишикке каршы препараттарды колдонуу менен мутацияга тушуккан PIK3CA гендин ортосундагы мыйзам ченемдүүлүктү аныктоого аракет кылышкан.

Адистер башы жана моюну ракка (аталган органдын отуздан ашык бөлүгүндө шишик пайда болушу ыктымал) чалдыккан жана беш жыл жашайт деген 266 бейтаптын маалыматтарын колдонушкан. 75 кишинин рак илдетинен мутацияга тушуккан PIK3CA гени табылган.Аспиринди алты ай такай ичип, гени мутация болгон бейтаптардын жашап кетүү шансы 25 пайыздан 78 пайызга чейин жогорулаган.

Адистер мындан ары да дененин башка жерлеринде пайда болгон шишиктерге каршы ушундай изилдөөлөрдү өткөрүүгө ниеттенип жатышат.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу