Асланбек Сартбаев, “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору: “Күздө Чүй көтөрүлүп, чоң чатак менен бийлик алмашуусу мүмкүн…”

Кээде гезиттин кожоюну, башкы редакторубуз менен маектешүү албетте, абдан
маанилүү. Окурман журтчулугу үчүн айрым кызыктуу суроолорду берип, ток этери
боюнча жооп алдык окшойт.
– Аслан мырза, учурда президенттик шайлоого карай талапкерлердин “жулунмай”
иштери күчөгөндөй. Маалыматтык күрөш же үгүт иштерин кантип айырмалай
аласыз? Коомчулукка кантип түшүндүрсөк болот?
-Суроонун төркүнүн түшүндүм. Учурда жеңишке жетүүнү көздөгөн кайсы гана талапкер
болбосун, каймана маанисинде агитация жүргүзүшүп, колдорунан келишинче иштеп
атышат. Албетте, бул жагын кан буугандай көзөмөлгө алуу кыйын. Бирок, БШК төрайымы
же мүчөлөрү байма-бай, жума сайын маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү
иштерин жүргүзүп турушса жакшы болмок. Негизинен баардык окуяларга
түшүнбөстүктөр, алдын ала албаган кенебестиктер себепчи болот. Бүгүнкү күндө БШК –
маалымат, пропаганда, агитация эмне экени боюнча кенен маанайда чечмелөө иштерин
жүргүзүп, ошого катар коопсуздугубуз боюнча да идеологиялык саясатты ойлоп коюшса
болмок. Дал ушул жагынан аксап атабыз.
– Сиз журналист катары көпчүлүк саясатчылар жана карапайым эл менен тыгыз
байланышта жүрөсүз. Эмнени байкап атасыз? Күздөгү кырдаалга кандай божомол
кылып атасыз?
— Эгер добуштарды сатып алуулар же мыйзам бузуулар орун алса, күздө Чүй көтөрүлүп,
Кыргызстанда чоң чатак чыгуу менен бийлик алмашуусу мүмкүн. Азыр кырдаал таптакыр
башка… Эсиңерде болсо, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого
чыкканда, ага удаа элирген 80 чакты атаандашы аттанган. Бирок элибиз жана саясый
элита баарын түшүнүп турган, баары бир революциялык маанайдын алкагынан
алганыбызда да, ошого жараша Атамбаевдин шансы, рейтинги баарынан жогору болчу.
Аныгында, Алмазбек Шаршенович ошол саясаттын өзөгүн кармай алды. Билем, дагы бир
суроо бергениңче таккесе жооп берейин. Ушул убакка чейин ыңгайсыз
мааниде айтышат. “Атамбаев орой сүйлөйт, тышкы-ички саясатты аңдабай эле
“балп” эткизет” деген маанайда. Негизи Кудай сүйгөн адам падыша болот.
Мамлекет башчынын сөзү – бул Кудайдын жалгаганы болот. Албетте, жактырсак
да, жактырбасак дагы. Кызыгы, Атамбаев дайыма эмоция менен катуу сөздөрдү
айтат. Жадагалса көчө тилиндеги жөнөкөй терминдерди колдонот. Себеби, дал
ушундай “жесттер” менен ал өзүнө упай топтоп, элдин колдоосуна ээ болуп келүүдө.
Элибиз да ошондой да (күлүп)…
-Аслан байке, сизге саясый аналитика же кандайдыр бир баа берүү боюнча
суроолорду берсем, жообуңузга жараша маегибиз татаалдашып кетчүдөй. Андан
көрө Атамбаев менен убагындагы жеке мамилеңиз боюнча кеп салбайсызбы?
Архивдерди карасак, Бакиев доорунда негизинен эле ал кишиден сиз
интервьюларды алчу экенсиз?
– Эми эстегенге көп эле кызыктуу окуялар, жадагалса купуя сырлар дагы
бар. Чындыгында көп журналисттер ичинен мени Алмаз байке баалап, “балам”
деп мамиле жасачу. Өзүңөр билгендей, “Агым”, “Аалам”, “Учур” гезиттеринде
Атамбаев менен көптөгөн маектерим чыккан. Анда идеялык өңүттө колдочумун.
Ооба, бара-бара мамилебиз бузулду. Кийин ойлоп атам да, мен болгону калемгермин, ал
болсо чоң саясатчы, 2010-жылы кырдаал оор болуп атса, мен дагы кашайгандай мааниде
туура эмес кадамдарды жасап алгам. Майда нерселер, кийин талдап көрсөм, күлкү
келерлик эле…
– Аябай тумандатып атасыз, ачык айтканга духуңуз жетпейби?
-Духту мындай жерлерден көрсөтпөйт да… Алмаз байкенин табиятын мен жакшы
түшүнөм, ак көңүл, барпалаңдап кетет, ошого жараша өжөр, анан эң башкысы –
душмандарына катуу турат. Кечирбейт. Кекчил. Ошондой эле ал интрига жүргүзүүнүн
кыйын чебери…
– Атамбаев президент болгондон кийин катуу сындап жүрдүңүз да. Анан сизди
провокациялык маанайында камады го бийлик?
– Бул жагынан өзүмдүн көптөгөн аргументтерим бар. Мен ошондогу камалганымды
эстегим деле келбейт. Албетте, ошол кезде “ишкерге кол салды, тапанча менен атты”
деген жалаа менен камакка алышкан. Андагы ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевге ушул
окуя боюнча провокация болуп атканын айтып, кабинетине кирип чыккам. Мелис байке
“бул жерде кылмыштын курамы жок” деген. Анан өзү саясый заказды толугу менен
аткарды. Кызык. Эртеси мени офистен эки опер кармап кетишти. Айрым маалымат
каражаттары болушунча каралашты. Алар чындыкты билбей эле шыбашкан ошондо.
Чынында күйдүм. Камалып атсаң, анан бийликчил ММКлар төө бастыга алып атышса,
элестетсең? Октябрь РИИБсинде тергөөдө отурсам, генерал Өмүрбек Суваналиев
менен Бегалы Наргозуев кирип келишти. “Аслан, сени камайт, бирок сынба,
духуңду түшүрбө, мен да камалгам” деп “Комиссар Катани” колуман кысып,
жылмайып туруп басып кетти. Көп өтпөй камашты. Сот эки айга санкция берди.
СИЗОнун карамагында мушташкан ирмемдер да болду. Деталдаштырып айтсам сөз көп.
А баса, 4-оорукананын моргуна апкелишип, коштоп келген оперлер
жылаңач чечиндирүүгө мажбурлашты. Өлүктөрдүн арасында дырдай
жылаңачмын, муздак, тунарык жарык, алгач чочудум, анан чыйралдым. Ошондо жүз
грамм ичким келген, тамеки чекким келген… А менде андай мүмкүнчүлүк жок болчу.
– Ооба. Уккам… Эми кепти негизги шайлоо өнөктүгүнө бурбайлыбы? Учурда Сариев,
Жээнбеков, Бабанов фаворит болуп аткандай. Кимиси шайлоодо алдыга уруп
чыкчудай?
– Үчөөнүн тең артыкчылыктары, ошого жараша кемчиликтери да жетиштүү. Бирок, эл
башкара турган сапаттарын азыр талдап, бирин өйдө, бирин ылдый кылгандай
сүрөттөсөм, анда агитация болуп калат. БШК мени дароо жоопкерчиликке чакырат.
Андыктан, шайлоо үгүтү башталганда эле анализимди берейин…
– Баса, азыркы депутат Рыскелди Момбеков досуңуз беле? Кийин мамиле кылбай
калдыңыздар го?..
-Рыскелди дос эмес, “собутыльник” болчу. Анын жумушу жок болуп, көчөдө тентиреп
калганда мен “Форум” гезитти берип, журналист журтчулугуна кайра кошком. Ошол эле
Рыскелдинин “өнөгү” Жылдыз Мусабекова ала-шала түшүп тердеп, кыйналып калган
кезинде ага да моралдык колдоо көрсөтүп, дух бергем…
– Эмесе, жандүйнөлүк жагынан суроо берейин, маселен, сизде бир кемчилик бар да.
Кимдир бирөөлөрдү жактасаңыз катуу турасыз, ошондой эле душмандашуу жагынан
да артка кайтпайсыз да, неге?..
– Биринчиден, мен эч ким менен душман эмесмин. Гезиттин табияты ушундай, кээде
өзүбүз согобуз, айрым учурда оппоненттердин пикирлерин чагылдырабыз. Айтор, саясат
кайнайт. Эң башкысы, мен журналист катары коомдун санитары сымал кызмат кылгым
келет…
-Менин суроомдун төркүнүн сиз будамайлап, саясатчылардай кайпактап атасыз го?
-Кудай акы, эмне суроону эле бере албай кыйналып атасың? Кыжырыма
тийгиң келгендей…
-Сизди жердешчил катары сүрөттөшөт эмеспи. Бирок, Элмурза Сатыбалдиев менен
Райым Матраимовду жогору баалап, дайыма мактап жүрөсүз. Эмне
кызыкчылыгыңыз бар?
– Ким кандай десе, алардын пикири да. Мен адамгерчилик мамилени туу
тутам. Убагында Элмурза, Райым байкелердин жакшылыгын көргөм, бул жагын
адамдык сапаттын улуу көрсөткүчтөрү катары баалап келем. Жигитчиликтин
жогорку үлгүсүн көрсөткөн мырзалар. Ооба, мени кээде регионалист катары сыпатташат,
а башкы дос акелерим Элмурза, Райым болуп атса, жообун эмне деп бересиңер?
Бул жагынан спор кылгандар ит эле болуп калышат… Андан сырткары, мен
урматтаган Ташкул Керексизов, Рустам Маманов, Жеңиш Жоробеков, Темир Сариев,
Болот Сүйүнбаев, Аликбек Жекшенкулов, Туйгунаалы Абдраимов, Иса Өмүркулов,
Канат Исаев, Өмүрбек Суваналиев, Улан Исраилов, Адил Турдукулов, Азиз
Турсунбаев, Жылдыз Жолдошова, Иманкадыр Рысалиев, Кубат Болотканов жана
Анарбек Усупбаев сыяктуу бир топ аттуу-баштууларга жогорку баам бар. Айрым
досторду дароо эстей албасам кечирим сурайм…
-Ушулардын кимисинен интервью алат элеңиз анда?
– Эч бирөөнөн деле алгым келген жок азыр. Кудай буюрса, мен Митхун Чакрабортиден
маек алууга дилгир болуп турам. Ушул жылдын декабрь айында Индияга барам, ошондо
дүйнөнүн сүйүктүү каарманы менен жолугууга мүмкүнчүлүктөр болот. Жашоо ушундай…
– Таңгалычтуу го…
— Балким. Мен бала кезде, беш же төрт жашта болсом керек, эсимде, ошондо Мария чоң
апам экөөбүз клубга киного көп барчубуз. “Танцор Диско”… Кыялданчумун, кинодогу
каармандар кол жеткис, ыйыктай сезилчү. Көрсө, алар деле биздин катарыбызда экен,
болгону башка континентте…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу