«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» КРМыйзамына өзгөртүү киргизилди.

«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  ««Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү  киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында  кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөттүк аскер кызматынан өткөн адамдар Кыргыз Республикасынын башталгыч, кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда  артыкчылык укукка ээ.

Мындан тышкары жаңы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөттүк аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы 3 жыл ичинде  жарактуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу