Аскат Мусабековдун иниси Самат Мусабеков: “Аскат байкем мага бир тиш карыз”

Бизди ата-энебизден кийин эле эң жакшы билген адамдар бир туугандарыбыз болсо керек. Кичине кезибиздеги кыялдарыбыз, алгачкы жеңиш, жеңилүүлөр… Кыскасы, бул жолу ырчы Аскат Мусабековдун бир тууган иниси Самат агасы тууралуу кызыктуу баян куруп берди.

БИР ТУУГАН МУСАБЕКОВДОР

Максат Манаев – 1981-жылы туулган (фамилиялары чоң атасынын атында), айыл өкмөтүндө иштейт

Айзат Манаева – 1983-жылы туулган, PR-менеджер

Аскат Мусабеков – 1985-жылы туулган, ырчы

Самат Мусабеков – 1991-жылы туулган, архитектор- дизайнер

Нуршат Мусабекова – 1993-жылы туулган, котормочу

Айдай Мусабекова – 2004-жылы туулган, окуучу

“АСКАТ БАЙКЕМ МЕКТЕПТИН АТАМАНЫ БОЛЧУ”

– Агам менден 6 жаш улуу. Кичинебизде улуу агам мени аягансып көп жумуштарга жумшачу эмес. Аскат байкем болсо үйдө эч ким жокто мени чакырып, бир аз “тарбиялап” туруп ишке салып койчу. Кичинекейинде эле комузга жакын болду. Айылда комузду жакшы черткен Макен деген аяш атабыз бар. Ошого барып анын черткенин магнитофондун кассетасына жаздырып алып, үйгө алып келип угуп, туурап чертип жүрүп өзү үйрөндү. Эң биринчи жолу “Маш ботой” күүсүн чертип сынакка катышкан. Кийин дастан айтып, ырдап сынактарга катыша баштады. Сыймык Бейшекеевдин кеңеши менен 11-классты борбордон бүтүрдү. Ал кеткенден кийин жоктугу катуу билинди, анткени Аскат байкем мектептин атаманы болгондуктан эч ким мага тийише алчу эмес. Кеткенден кийин чоң класстын балдарынан токмок жеп калып, аябай жоктоп сагынып жүрдүм. Айылда миң жолу тилиң сүйлөгөнү менен, кара күчүң болбосо эч ким эмессиң да. Мектепте балдар “Аскат байкең катуу мушташат” деп калышчу, анан калса өзү да чоңураак болчу. Волейболду жакшы ойноор эле. Тентектикти баштап койчу, бирок танып башкага оодарып салчу эмес. Баарын моюнуна алчу. Адатта кичине кезибизде кыйшык өсүп калган тишибиз болот го. Ошондой тишимди Аскат байкем кармап алып түздөп, кадимки эле чоң өгөө менен өгөлөп салган. Азыр эстеп “бир тиш карыз мага” деп калам (күлүп).

Атам, апам экөө тең мугалим. Атам мектептин директору, айыл өкмөтү болуп жүргөн киши. Апам француз тилинен сабак берет. Аябай ишенчээк, назик киши. Атам болсо көп кырдуу талант. Мага атам өзүнүн таланттарын 6 баласына бөлүп бергендей сезиле берет. Улуу агама чарбага тың жагын берсе, так иштеген сапатын эжеме, музыканы сүйгөн чыгармачылык мүнөздү Аскат байкеме, сүрөткерлик жагын мага берген окшойт. Менин кесибим архитектор-дизайнер, сүрөт тартканга, чиймелегенге кичинемден эле жакынмын. Бирок эң көрүнүктүү сапатын Аскат байкеме берген окшойт (күлүп). Менден кийинки карындашым болсо 5 тилди билет, ал апамды тарткан окшойт. Кичүүбүз мектеп окуучусу.

“МАГА ТОПУРАК ЖЕДИРГЕН”

– Аскат байкемдин сөзгө ынандыра турган касиети бар. Эсимде, кичине кезибизде сарымсак отоп жаткан элек. Сүйлөшүп отуруп эле ал “Самат, сен архитектор болгуң келет, аны билем. Чоңойгондо ошол максатыңа жетесиң. Бул айылдан, балким, Кыргызстандан да кетип калышың мүмкүн. “Туулган жердин топурагы алтын” дейт го, ошондо сагынып кыйналбайын десең азыр топурактан жеп ал” деп айтып жатпайбы. Анын тилине кирип мен топурак жегем (күлүп).

Улуу байкем экөө аябай шок болушкан экен. Үй салып жаткан усталарды таш менен уруп качып, же терезенин айнектерин сындырышып, түрдүү жоруктарды жасай берчү. Атам алар тентектик кылганда бутундагы чокою менен экөөнү тең чаап калат. Улуу агам качып кетсе, Аскат байкем ошол чокой тийген жерин кармаган бойдон куду сынып калгансып жатып калчу экен. Атам качан өзү барып тургузмайынча ошол жерде жата берчү тура. Ошол жоруктарын көп эстейбиз.

Негизи Аскат байкем шок бала болчу. Чыгармачылык жол деле оңой болбойт тура, ар түрдүү жумуштарда иштеди. Печенье бышырган наабайканада да иштеп жүрдү. Акыры көздөгөнүнө жетти. Эң биринчи жолу сыналгыдан көргөнүм да эсимде. Борборго келип, 2004-жылдары болсо керек, “Шыктуулар” деген телекөрсөтүүнүн алып баруучусу болчу, анан ырдачу дагы. Ал программа дайым алтынчы күнү чыкчу. Өчөшкөнсүп дал ошол алтынчы күнү биздин көчөнүн жарыгы өчүп калар эле. Бир-эки көчө ары жайгашкан кошуналардыкы күйүп турса, ал жакка баарыбыз барып ошол көрсөтүүнү көрчүбүз. Анан сыймыктанып, сүйүнүп үйгө келер элек.

“Аруузатым” хит болгон жылдары биринчи концертин Улуттук филармонияда берди. “Байкем ушундай сахнада чоң концерт берсе” деп аябай кыялдангам. Кыялдар ишке ашат экен. Ошондо толкунданып жашып кеткеним да эсимде. Анткени ал башынан эле сахнаны самаарын билчүмүн да. Аскат байкемден тышкары мен жана карындашым ырдап калабыз. Түркчө ыры бар, ошондо бэк-вокалдагы карындашым Нуршат.

Биринчи сүйүүсү же кыздары тууралуу билбейм, анткени мен 6 жаш кичүү элем. Өзүм деле кызыкпаган экем. Негизи мыкты дос, күйүмдүү бир тууган, жоопкерчиликтүү ата. Балдарына аябай карамдуу. Мен байкем менен сыймыктанам.

АСКАТ МУСАБЕКОВ: “ИНИМ МЕНИ СЫНДАП КОЙМОЮ БАР”

– Самат өзү сүрөткер адам. Чыгармачылыгымда өзүнүн так баасын айткан, керек кезде сындап койгон жакын адамым. Көп учурда иним менен кеңешем. Ата-энебизге рахмат айткым келет, анткени баарыбыз өзүбүз каалаган кесибибизге ээ болдук. Бир туугандарым мени ар тараптан жөлөп-таяп келишет. Алардын бардыгы эле канчалык кубат.
БУЛАК: Супер Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу