Аскат: «Аялымдын айынан туугандар менен катышпай калдым…»

Айзада менен “Одноклассники” социалдык баракчасынан таанышкам. Бир айдай жазышып жүрүп жолуктук. Боюу кичирээк эле болбосо, сүрөттөгүдөй сулуу экен. “Шашкан жоксуңбу? Мурунку сүйлөшкөн кызың жакшы эле го. Мейли өзүң билесиң да, кийин өкүнбөсөң болду” дегендерге карабай, үч айдан кийин үйлөнүп алдым. Мындай абалга учурап калаарымды кайдан билдим.

Бир ай айылда жүрүп шаарга келдик. Жумушка кеткенимде жалгыз болбосун деп, жаныбызга жээнимди чакыртып алдым.

Жээним иштечү, эртең менен кетип, түштө келчү. Он күн өтпөй эле келинчегим аны жамандай баштады. Карындашымды урушуп койдум. Таарындыбы билбейм, жумушуна шылтоолоп үйдөн кетип калды. Убакыт өтүп кыздуу болдук. Ал ортодо келинчегим эки абысыны менен урушканга жетишти. “Кызды апама берип иштейм” деди, макул болдум, бирок иш тапкан жок.

Кечинде чарчап келсем тамак даяр эмес, үй чачык. “Кечке үйдө жатып эмне кылдың” десем, “бөйрөгүм ооруп жатат” дейт. Ооруканага көрсөттүм, даарыланып чыкты. Бирок, баягы көрүнүш өзгөргөн жок. Жумуштан келгенде эптеп чайымды ичем да уктайм. Тээ мурунку кыздардын сүрөтүнө баскан лайктарды чукуп таап, келээри кеч эмне кылганымды сурап, таң атканча мээмди жейт.

Бир күнү үйгө бир тууган эжем келди. Босогодон аттап эле  “Айзада кайсыл бетиң менен мени ушактайсың?! Уялбайсыңбы, мен сага эмне жамандык кылдым?” деп урушту. Кимисине жан тартаарымды билбей “токтоткула, эже чыгып кетиңиз” дедим.

Ошондон кийин туугандарымдан алыстадым. “Ал катынын сөзүн сүйлөйт. Кызын болсо кайын энесине берип коюптур. Айылдагы тойго дагы келген жок, аялы жибербей койгонго” деген сөздөр айтыла баштады.

Апамдан кечирим сурайын деп Айзаданы ээрчитип айылга келдим. Анча-мынча туугандар топтолуп чай ичтик. Жолго чыгалы дегенде апам менен келинчегим урушуп кетти. Себебин билбейм, бирок ошондо аялымдын чыныгы жүзүн көргөндөй болдум. Улуу жеңемдин токтот дегенине болбой апама каяша айтып жатты. Жанына барып жаактан ары чаап жибердим.

Шаарга жеткенче сүйлөшкөн жокпуз. Вокзалдан түшөөрү менен таксиге олтуруп төркүнүнө кетип калды.

Үч күн үйдөн чыкпай ичтим. Эжелерим, байкелерим чалып нааразычылыктарын айтып жатты. Мүмкүн алардыкы туура, чындап эле аялыма баш ийип калгандырмын. Эмне болуп бул абалга жеткенимди өзүм да билбейм. Шашып үйлөнүп алыпмын. Айзаданы сүйбөйм, болгону кызымдын атасыз өсүшүн жана аял кетирди деген атка конушту каалабай жашап келем.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу