АСКАР АКАЕВ САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА КЫРГЫЗДАРДЫН КУРЧООСУНДА КАЛДЫ

Мурдагы президент Аскар Акаев менен мекендештеринин чогу түшкөн сүрөтүн интернеттеги баракчасына журналист Анна Качкаева жарыялады. Сүрөт Санкт-Петербургдагы темир жолунан тартылганын жазат ал.

“Күтүүсүз кадр. Кыргызстандын мурунку президенти Акаев Питердеги темир жолунун тазалык кызматында иштеген мекендештеринин курчоосунда. Кыргыз жаштары тарыхый инсан менен сүрөткө түшүп жатышты. Кыздар үстүндөгү “жилеттерин” чечип ыргытып жатышты, ал эми ал болсо “неберелерин” кучактап жатты, балдар болсо колун катуу кысып, кубанычтарын жашырган жок. Тарыхый фотосессия болду”,-деп жазат Качкаева.

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев 1990-жылдан тарта 2005-жылдын 24-мартына чейин өлкөнү башкарган. 25-марттагы төңкөрүштүн натыйжасында ал Кыргызстандан качкан. Учурда үй-бүлөсү менен Москвада турат.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу