Аскар Шадиев жакын туугандарын чогултуп, Алмазбек  Атамбаев күзгө чейин чет өлкөгө чыга тургандыгын айткан экен.

Парламент депутаты Аскарбек Шадиев өзүнө карата залкар жазуучу Ч. Айтматов атындагы КМШдеңгээлиндеги сыйлыктын акчасына байланыштуу кылмыш иши козголгондон кийин Кыргызстандан жер сыйпагандай эле жоголуп кетпеди беле. Жардамчысы жүрөгү ооруп чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кеткендигин айтса, УКМК эч жакка чыкпады деген билдирүү тараткан. Натыйжада Аскарбек Шадиев дайын-дарегин таптырбай келүүдө. Жакында анын кайда экендиги тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Божомолдорго ылайык, экс-президент А. Атамбаевдин “кошелогу” аталган бул сымаптай жылма, кайсы бийлик болбосун жеңден куюлуп, кончко түшкөн “Өлбөс Кащей” атка конгон “азамат” кичи мекени Лейлекке барып, андан ары Тажикстанга өтүп, Дубайга учуп, тияктан океандын ары жагына “сүзүп өтүптүр”. Айрым маалыматтарга ылайык, мурду жыт билген А. Шадиев Парламентте ЖЭБ чуусу өзүнө да келип жетерин билгендиктен (Себеби депутат К. Рыспаевдин айтуусунда ЖЭБди курган чуулгандуу кытайлык ТВЭА компаниясынын башкы эсепчиси А. Шадиевдин эсепчиси болгон). Мындан тышкары дүйнөдө эң кымбат курулган (1 чакырымы 1 млн доллар)“Датка-Кемин” электр чубалгысына акча бөлүнүп, курулуш иштери жүргөндө да дал ушул желмаяндай болгон А. Шадиев Энергетика министри болуп иштеген. Андыктан жүргөн жерине чөп чыкпаган бул эргул ал жактан да жең ичинен жоголгон миллиондордун эсебин тапкандыгынан шек жок. Албетте, ал кездеги президент А. Атамбаев, кийин өкмөт башчы болгон С. Исаковдун да “откаттарын” бөлүп берип, азыр ошол акчаны Америкага которуп жибергендиги айтылууда. Көрсө, анын Кыргызстандагы 25 банкта камакка алынган аялы Асел Шадиева жана бир туугандарынын 7 млн доллары жана үйлөрү менен машиналары байлыгынын аз гана бөлүгү экен. Себеби көп акчалары оффшордук компанияларда сакталуу дешет. Өзү болсо Лос-Анжелестеги особнягында орозо кармап, зикир чалып, кофе ичип, эми Кудайдан жардам сурап отургандыгы айтылууда.

Кичи мекени Лейлектен чыгып жатып, А. Шадиев жакын туугандарын чогултуп, А. Атамбаев күзгө чейин чет өлкөгө чыга турууну тапшыргандыгын айткан экен. Ал эми күзүндө АША жана анын командасы “Чоң казат” уюштурушат экен. Экс-президент мындай төңкөрүш жасоого жөндөмдүү жана тажрыйбасы да бар эмеспи. Каап, шайтанды да алдаган А. Шадиев АША менен Сапашты да “кидайт” этип кетер бекен…

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу