Аскарбек Шадиев өлкөдөн кантип чыгып кеткенин айтты

Өлкөдөн качып чет жакта жүргөн Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Аскарбек Шадиев мандатынан ажыратылышы  боюнча  билдирүү жасады.

Анын айтымында, ал фракциядан чыгуу жана мандатын тапшыруу боюнча эч кандай арыз жазып кайрылган эмес.  Ага козголгон 3 кылмыш иши саясатташкан жана ойлоп чыгарылган.

 «Менин фракциялаштарымдын мындай билдирүүлөрү мени таң калтырат. Аларды жасалма кагаз менен алдашты. Партияны чогуу түптөгөн фракциялаштарымдын менин атымдан арыз даярданышынан шектенем. Бул Бишкектеги бирөөнүн атайын жасаган иши Менин эч кандай күнөөм жок, мен тазамын. Мени эптеп камакка алуу аракети болуп жатат.Ошондуктан үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгом”- дейт Аскарбек Шадиев.

Муну менен катар эле  Шадиев Кыргызстандан Тажикстан аркылуу мыйзамдуу түрдө чыгып кеткенин, эч кандай мыйзам бузбагандыгын  айтат.

«Мен мыйзамдуу түрдө чыгып кеттим. Күн сайын жүздөгөн мекендештерибиз ID-карта менен эле Тажикстанга өтүшөт. А кылмыш, чек араны мыйзамсыз өтүү айыбы менен бир гана мага козголуп жатат», — дейт ал.

Ошондой эле ал  билдирүүсүндө, Башкы прокуратура анын мүлкү боюнча туура эмес маалымат бергендигин айтты.

Мен студент кезден эле бизнес менен алектенип келгенимди элдин баары билет. Башкы прокуратура берген банктарда менин акчалай эсебим жок. Мен бизнесимди ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергенмин. Башкаруучулар башкалар сыяктуу эле банкттык насыялар аркылуу өнүгүп келе жатат» дейт мурдагы депутат.

 Аскарбек Шадиев ага козголгон саясый буйрутма экендигин жана аны камоо максатын гана көздөгөнүн, сот бийлигинин калыс чечим кабыл аларына ишене албастыгын айтат.

«Акыйкаттык жеңип, бир күн эл көзүнө чындыкты далилдей аларыма ишенем», — дейт ал.

Эске салсак, Шадиевке карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган.

Ошондой эле «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.

Булак: Мезгил Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу