Аскарбек Шадиев табылса УКМКнын тергөө абагына киргизилет

Учурда Шадиевдин кайда экени боюнча так маалымат жок.

 Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевди УКМКнын убкатылуу кармоо жайына камоо боюнча сыртынан баш коргоо чарасын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Аскарбек Шадиевдин кайсы жакта экени так белгилүү эмес. Буга чейин жардамчысы Шадиев жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чет жакка чыгып кеткенин айтса, укук коргоо органдары мурдагы биринчи вице-премьер өлкө аймагынан чыккан жок деп ишендиришүүдө.

Шадиевдин кайда экени парламентте дагы талкуу жараткан болчу.

Эске салсак, Апрель айынын соңунда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу