Аскарбек Шадиев ишин караган сотко, батир белекке берген

“Эр жигит элин коргойт,шылуун жигит элин тонойт” деп айтылгандай, өз мекенин миллиард долларга чыгаша кылып, эл ырыскысын талап тоноп, дарыяны кече качкан Аскарбек мырза, ишин тыкан билген үлкөн сотко толтура квартираларынын бирин белекке берип, андан жакшы кеңеш алып,болгон көр оокатын сатканга жетишкени уу-дуу кеп болууда.

Бул айтылган сөз дагы чындыкка жакын. Анткени, ушунча кылмышка барган адамды кантип эле тартип сакчылары баш болгон, чекисттер, аны менен бирге уурдаган, ой, ак чөп башта, тапкандарын бөлүп жеген табакташтары билбей калышсын. Качан гана берчүүсүн берип, кыйындардын оозун жаап, Аскарбек Шадиев качып кеткенден кийин кара күчкө,кымгуут түшүп, издөө салып калгандын кимге кереги бар эле. Эмне болгон күндө дагы саясаттагы өмүр кыска, бирок өмүр бою арттан жаман сөздүн ээрчигени кимге керек. Айткандай элин ушунча карызга батырып кеткен, сасык ойлуу саясатчыларды энелери төрөр жылы “кысыр эле калышса болмок экен” деп айтпаска айла да жок.

Эгер алар напсини азыраак тыйган болушса, өлкө карызга батпайт эле го? Парага квартира алган сот, ал квартираны “күйөө баласына белекке бериптир” деген дагы кеп учугу чыкты. Кимге берсе ага берсин, бирок өз элин сатканга тете иш экенин эске алганы оң. Чыккынчылар чыга берет, чыгымды эл төлөгөн заманда кимге ишеничти билбей турган кез.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу