Аскарбек Шадиев билдирүү жасады

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аскарбек Шадиев өзүнүн мандатынын алынуусу жана фракциядан чыгарылышы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу 24. kg басылмасы жазды.

Шадиев өзүнө карата ачылган үч ишти тең буюртма деп эсептейт. Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн акчаны кымырып алуу боюнча парламенттин эл аралык иштер боюнча комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров аны адашууга алып келгенин айтат.

Ал эми “Бир бол” фракциясынан чыгуу боюнча арыз жазган эмес, Борбордук шайлоо комиссиясы анын мандатын мыйзамсыз алды.

Шадиев Кыргызстанга кайтып келүү ою жок экенин, себеби өз өмүрү жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлорун айткан.

Эске салсак, Шадиевке карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган.

Ошондой эле «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.

Булак: Марал 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу