Аскарбек Шадиевдин иши сотко өттү

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын өлкөдөн качып кеткен депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватованын маалыматы боюнча, иш сотко 20-октябрда жиберилген.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козгогон. Андан соң «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып тагылган. Шадиевге издөө жарыяланган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу