Асема Токтобекова: «Кырсык каш-кабактын ортосунда экен…»

“Кырсык каш-кабактын ортосунда” демекчи, баарыңыздарга белгилүү болгондой эле 10 күндөй мурда тагыраак айтканда 17-июлда жагымсыз окуяга туш болуп, жакында эле ачылган “ASEM beauty” салонубуздун 2-филиалын ресторандан чыккан өрт тилекке каршы өз залакасын тийгизип, жалмап кетти эле. Мына ушундай орчундуу себептерден улам 1-филиалыбыз да убактылуу жабылып, кыздарыбыз эс алууга чыгышкан болчу. Эмне дейбиз, адам баласы бул жалганга сыноо үчүн келет экенбиз. Бул тирүүлүктө жалган жашоо улана берет турбайбы. Мына ушундай башка түшкөн оор сыноо, кыйын учурларга карабастан кайрадан белди бекем бууп, жеңди түрө ишке кириштик. Айтаарым, эртеңден баштап, урматтуу биздин сүйүктүү кардарларыбыз биз сиздерге Москва көчөсү 124/Орозбеков көчөсү кесилишкен даректеги салонубуздун каалгасын жакшы тилек, келечекке койгон бийик максаттар менен ачалы деп жатабыз”,-деп билдирди Асема Токтобекова.

Эскерте кетсек, 17-июлда Асема Токтобекованын Бишкектеги сулуулук салонунда өрт кырсыгы болгон.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу