Асема менен Гүлнур Асанованын ортосунда атаандаштык барбы?

Азыркы учурда көпчүлүк белгилүү адамдардын өз кесибинен башка дагы кандайдыр бир жеке бизнеси бар экендиги баарыбызга маалым. Алардын катарын бүгүнкү күндө кыргыз эстрадасынын жылдыздары толуктоодо. Жакынкы күндөрдө ырчы, актриса Гүлнүр Асанова жеке сулуулук салонун ачты. Анын артынан удаа эле ырчы, актриса Асема да жеке сулуулук салонун ачкандыгы тууралуу кабарлады. Эки «жылдыз» да жеке инстаграм баракчалары аркылуу жаңылыктары менен бөлүшүп ошол эле учурда ар тараптуу «реклама» кылышууда.

Эки ырчы жана актриса айымдын мынтип удаа сулуулук салонун ачып жатканын айрымдар атаандаштыктын айынан эле ушинтип жатышат деген да пикирлерин айтышууда.

Белгилей кетсек бул эки айымдын ортосунда буга чейин эч кандай кайым айтышуулар жана пикир келишпестиктер болгон эмес. Экөөнүн да жакын кесиптештери, курбу курдаштары жана катталуучулары жакшы каалоо-тилектерин калтырышууда.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу