Асел СЫДЫКОВА, бизнес-тренер: «Ийгилик өзүнө ишенген адамдарды тандайт»

Жөнөкөй айылдык жумушчу үй-бүлөдө чоңоюп, англис тилинде эркин сүйлөй албаса дагы мындан он беш жыл мурун англис тилдүү мамлекетти багындырганы жөнөп кеткен жаш кыз минтип эл аралык деңгээлдеги спикер жана тренер болуп чыгарын эч ким билбеген чыгар. Асел Сыдыкова өзүнүн күчтүүлүгүнүн жана даанышмандыгынын аркасында ийгиликке жетишип, өзүн-өзү түптөгөн бизнесвумен жана дүйнөлүк класстагы бизнес-тренер болуп саналат. Борбордук Азиядагы «Global Business Forum 2015-2016» аталышындагы чоң бизнес форумдун негиздөөчүсү жана жетекчиси, «Success Resources UK» корпорациясынын экс-президенти, 2014-жылдагы Европанын эң мыкты спикер айымы ийгиликке жетүү жолдору жана өзүнүн жашоо образы тууралуу төмөндөгү макалада айтып берет.

– Асел айым, кандайча бизнес чөйрөсүнө аралашып, бизнес-тренер болуп калгандыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– Чынында бул абдан узун окуя. Негизи ийгиликке жетүү, кыялдарыңды орундатуу аз эмес убакытты талап кылат. Ал эми жанагы жолу ачык, бир ишти баштап-баштай элек жатып ийгилик фортунасы жылмайган адамдар бар го, алар өтө аз, миңдин, миллиондун бири болушу мүмкүн. Мен дагы көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип олтуруп азыркы даражага жеттим деп айта алам. Өзүм Чүй өрөөнүндөгү кадимки эле тоо койнундагы айылдардын биринде чоңойгон кызмын. Кийин эл катары шаарга келип, Кыргыз улуттук университетинде билим алгам. Жогорку билимди албай деле коймокмун, диплому бар деген атым болушу үчүн эле окугам, чынын айтсам (күлүп). Жыйырма бир жашымда ошентип максаттарымды орундатуу үчүн Лондонго барып иштеп баштадым. Барганда эле даяр жумуш жок, албетте, кыйналбай койгон жокмун. Кафе-ресторандарда пол жуугуч, идиш жуугуч болуп иштеп жүрдүм. Ошол кафедеги жумушума барып келген сайын дайыма жолдон рестораны көпчүлүк учурда бош болуп турчу мейманкананы байкап жүрчүмүн. Ошол ресторанга көзүм түшүп бир күнү мейманкананын жетекчилигине барып ресторанды сурадым. Алар, албетте, макул болгон жок. Анда мейманканага иштөөгө орун сурадым. Бош орун жок экенин айтып анда да мени жумушка алуудан баш тартты. Ошондо анан бекер иштеп берүүгө да даяр экенимди айтып аларды көндүрүп, ишке орноштум. Ушунчалык берилүү менен иштеп, өзүмдү мыкты кызматчы катары көрсөтүүгө бар аракетимди жумшадым. Жетекчилик акыр-аягында менин иштегенимди жактырып, ресторанды иштетүүгө мага мүмкүнчүлүк берүүнү чечишти. Мен болсо Кыргызстандан кооз шырдактарды, кийиздерди алдырып ресторандын ичин чыгыш стилинде жасалгалап алгачкы ишкердигимди баштагам. Ресторандын атын «Kyrgyz House Restaurant» деп атап, ишкердигимдин алгачкы жемиштерин татып баштадым. Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү үчүн Лондондогу эң популярдуу ресторан деңгээлине да жеттик. Азыркы учурда ал жакта мен жетекчилик кылбайм, бизнес жаатында алгачкы тажрыйбамды топтоп, ишкердиктин кийинки этабына көтөрүлүп баштадым.

– Ишкерлигиңиздин кийинки этабы эмне болду?

– Мен Лондондо жогорку билим албасам дагы, өзүмдү өнүктүрүү үчүн түрдүү семинарларга катышып жүрдүм. Бул да болсо билим алуунун натыйжалуу бир жолу болуп эсептелет. Ушул эле семинарлардын аркасында мен өзүмдүн жол көрсөтүүчүм Харв Экер менен таанышкам. Ал өзүн-өзү тез убакыттын ичинде өнүктүрүүгө арналган Түндүк Америкадагы Peak Potentials Training компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп саналат. Кезектеги анын семинарларынын бирине катышуучу катары барып, орус делегациясы үчүн котормочу жок болуп калып, мен котормочу болуп берүү тууралуу өзүмдүн кызматымды сунуштаган элем. Ошентип кокусунан болгон котормочулуктун аркасынан ошол жерден мага жумуш сунушташып, бизнес-тренер катары иш алып бара баштадым.

– Көпчүлүк убактыңыз Кыргызстандан тышкары өтөрү белгилүү…

– Ооба, менин жашаган жерим, турак-жайым Лондондо. Айына бир же эки жолу гана Бишкекке келип турам. Анда дагы атайын иш сапарым боюнча, семинар-тренингдерди өтүү үчүн гана келем. Кыргызстанда төрөлүп-өскөн болсом, Лондондо өзүмдү тапкам, жашаганды үйрөнгөм. Ошондой эле дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүн кыдырып жүрөм.

– Балалыгыңыз тууралуу айтып өтсөңүз?

– Биздин үй-бүлө эң эле демократиялуу үй-бүлө болчу. Үйдүн улуусу менмин. Ар дайым эмне кааласам, ошону жасап чоңойдум. Атам же апам “тигини кылба, муну кыл” деп эч качан чектөө койгон эмес. Кандай ишти баштабайын ата-энем тарабынан бир гана колдоо болуп турат. Аларга ыраазымын, алардын ушундай тарбиясынын аркасынан ушул деңгээлге жеттим деп ойлойм.

– Үй-бүлөңүз да сизди колдоп турушабы?

– Азыркы учурда үй-бүлөлүү эмесмин. Жолдошум британиялык мырза болчу, дал ошол жолдошум аркылуу Лондон шаарында жашап, иштеп калгам. Бирок ажырашып, эки айрылыш жолго түшкөнбүз. Ошондон ушул күнгө чейин карьерамды бир калыпка салып алайын деп үй-бүлө, өмүрлүк жар жөнүндө ойлогонго да убактым жок болчу. Мына азыр турмушка чыкканга даярмын деп ойлойм жана келерки жылы турмуш курууну пландап жатам.

– Эң биринчи жолу тренинг өткөн күнүңүз эсиңиздеби?

– Эстесем уялам, чынын айтсам. Биринчи жолку тренинг абдан жаман өткөн кыскачасы. Мындай нерсе баарында болот. Биринчи жолку иштер ийгиликсиз болуп калды деп таштап салбоо керек. Анткени баарыбыз жаңылышабыз. Ошол каталардын үстүндө иштеп анан өсөбүз.

– Жашоодогу урааныңыз?

– Алга, алга жана алга! Ошондой эле, өзүм ойлоп таап алган цитата бар, “ийгилик эч качан адамдын расасына, жынысына, улутуна, келбетине, статусуна карап тандабайт”. Ийгилик кыйынчылыктарды жеңе билген, өзүнө жана келечегине ишенимдүү карай билген, айтылган сындарга сынып калбай иштегенди уланта берген адамга келет.

 

Асел Сыдыковадан ийгиликке жетүү жолдору боюнча кеңештер:

Ар дайым келишимди аткар! Болбосо эч ким менен келишимге барба. Ошол учурда гана сени менен иштешкиси келгендердин саны көбөйөт жана өзүңө керектүү нерселердин баарын ала аласың.

Ден соолугуңду сакта! Өзүңдүн ден соолугуңа кам көрүп, эмне ичип, эмне жеп жатканыңа жакшылап көңүл бур. Азыркы күндө жеген тамак-ашыңдын зыяны азыр билинбесе да, 5-10 жылдан кийин кайсы бир ооруга себепкер болушу толук мүмкүн. Андыктан эсиңде болсун, жөнөкөй шире коладан жакшыраак, мөмө-жемиш таттуу момпосуйлардан жакшыраак.

Каталарыңдан сабак ал. Аларды байка. Чөйрөңдөгүлөрдөн сенде кандай туура эмес катачылыктар бар экенин сура. Ошондо гана сендеги жаңылуулар азайып, жакшы жыйынтыктар көбүрөөк болот.

Керектүү таасир калтыр. Өзүңдүн репутацияңды иштеп чык. Репутация кийин сага иштеп берет.

Ийгиликтүү адамдар менен тааныш. Сени сыйлай билген адамдар менен достош. Ким сага жагымдуу болсо, ошол адам менен сүйлөш. Сени дайым колдой турган, сага багыт бере турган чөйрөнү түзүп ал. Сени дайыма артка тартып, сенин ийгиликтериң үчүн кубана албаган адамдардан алыс бол.

Жалган сүйлөбө. Болбосо кимге эмне деп айтканыңды эстей албай баалуу убактың кетет. Ар дайым чынчыл болуу ийгиликке жетелейт.

Баштаган ишиңди акырына чыгар. Кайсы бир ишке жумшаган иш-аракеттериң, күчүң, акылың, качан гана ошол ишти акырына чыгарганда кайтып келет. Болбосо акырына чыкпаган иш сенин өзүңө болгон ишенимиңди азайтат. Эң жакшысы, аягына чейин иште, мейли, жыйынтыгы жаман болсун, бирок болсун.

Конструктивдүү ой жүгүрт. Башыңа көйгөйлөрдү үйүп алба, эски жарааттарды козгобо. Келечегиңди, келечектеги жасачу иштериңди, алардан кандай жыйынтык болорун ойлон. Позитивдүү ой жүгүртүү жакшы маанай тартууласа, негативдүү ойлор акырындык менен өлүмгө жетелейт.

Өзүңдүн ыңгайлуу зонаңды кеңейт. Жаңы нерселерди үйрөн. Жаңы адаттарды таап чык. Изилде. Ошондо сен өзүңдү түрдүү тармакта ишенимдүү алып жүрө аласың.

Ийгиликке жетүү үчүн алгач максатты аныктап алуу керек. Ошондон кийин ар бир күнүңдүн 80 %ын ошол максатты орундатууга бөлүү керек. Күн сайын убакыт бөлүп, максатыңа умтулууң ийгиликке жетелейт.

Бизнес баштаган адамдардын 94 %ы ийгиликсиз башталыштын айынан бизнесин таштап, андан ары улантпай калышат. Бизнесин «өлтүрбөй» алып кеткен адамдар өтө аз. Ийгиликсиз башталыштан, жаңылып-жазуудан эч качан коркпош керек.

Мүнөздөгү күчтүүлүк, лидерлик сыяктуу сапаттар — ийгиликтин ачкычы.

Китеп окуу ар дайым пайдалуу болуп саналат. Ошон үчүн бизнес жаатында өзүңдү сынай турган болсоң, сөзсүз түрдө бизнес темасындагы дүйнөлүк бестселлерлерди окуганды унутпа.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу