Асел Кадырбекова: «Никеде кантип бактылуу болуу керек?»

Ырчы Асел Кадырбекова өзүнүн социалдык баракчасында “үй-бүлөлүк күнүмдүк турмушка биротоло сиңип кетпей, кантип бактылуу жашаш керек?” деген суроону күйөрмандарына узатты.

“Күнүмдүк үй-бүлөлүк жашоого кантип кирип кетпөө керек… Үй-бүлөлүүлөр, никеде кантип бактылуу бойдон калып жана бактылуу узак жашоо керектиги тууралуу тажрыйба бөлүшүңүздөр”,-деп жазды ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасына.

Ошондой эле Асел Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип экөөнү  өкүл атасы Урмат Усенов менен анын жубайы Неля отко киргизип конокко чакырышканын маалымдады

“Бүгүн биз үчүн абдан жакшы күндөрдүн бири болду! Кыргыздын салты менен өкүл ата, өкүл апаларыбыз отко киргизип жакындарыбыз менен конок болуп кайттык. Алла Ыраазы болсун сиздерге, сиздер менен сыймыктабыз!”,-деп жазды ырчы өзүнүн баракчасына.

Эскерте кетсек, эстрада ырчысы Нурлан Насип менен теле алып баруучу, ырчы Асел Кадырбекова үстүбүздөгү жылдын 10-майында баш кошушкан. Жаштарга өкүл ата, өкүл апа ырчы Урмат Усенов менен жубайы Неля болгон.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу