Асел Кадырбекова күнүнө 50 миң табат

Жаш ырчылардын арасын назик ырчы Асел Кадырбекова толуктап келет. Азыр алып баруучулук кесибине жаңы кадам таштап, чыгармачылык менен бирге бир канча долбоорлорду ишке ашырам деген ниетте кызуу иштеп аткан ырчы менен маектештик.

—Асел, азыркы тапта эмне менен алексиз? Чыгармачылыгыңызда эмне жаңылыктар болуп атат?

—Жакында эле “Жаныңда болсом дейм” деген чыгармама клип тарттырып, бул ырым бир каналда эксклюзив катары берилип атат. Бул клипти Арсланбапта 3 күндүн ичинде тартып бүттүк. Менин купулума толду, күйөрмандарым, чыгармачыл эже-агаларым жакшы баа берип атышат. Чыгармачылыгымда болсо талыкпай эмгектенип, жаңы ырлардын, идеялардын үстүндө иштеп жатам. Жакында, буюрса, күйөрмандарым буга күбө болот деп ойлойм.

—Жакында эле жеке концертиңиз болду, ойдогудай өткөрүп алдыңызбы?

—Бул менин биринчи жеке концертим, көптөн бери кыялданып жүрүп өткөрдүм. Бул концертти өткөрүү сунушу күтүүсүз болуп, 20 күндүн ичинде эле даярданып калдым. Буюрса, бул аз убакыттын ичинде даярданганыма карабай, абдан жакшы өттү.

—Азыр ырчылык менен бирге теледе да иш алып барып атасыз, оорчулук туудурган жокпу?

—Азыр НТС телеканалында “Таң шоола” берүүсүндө алып баруучу, “Тумар” радиосунда диджейлик кесипти аркалап атам. Эми бул башталышы, оңой деп айта албайм, ар бир кесиптин оорчулугу бар. «Көч бара-бара түзөлөт» деп айтып калышат го, мен да үйрөнүп атам, иш убагындагы болгон кемчиликтеримди түздөп, кайра кайталабаганга аракет кылып, такшалып атам. Буюрса, келечекте баары жакшы болот деген ниеттемин. Башка да жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз.

—Кайсы кесиптин ээсисиз? Ар тармактуу иштөөдө кайсынысы жүрөгүңүзгө жакыныраак?

—Өзүм юридика факультетин бүтүргөм, бирок бул тармакта иштеп көргөн эмесмин. Жүрөгүмө искусство жакын. Искусствонун кайсы тармагы болбосун, кино жааты болобу, ырчылык болобу, алып баруучу болобу, бул иш мага рахат алып келет. Ошондуктан чыгармачылыкты тандадым.

—Сахнага кантип келип калдыңыз?

—Мен 16 жашымда сахнага келдим. Кичинекей кезимен эле теледен сулуу айымдарды көрүп, мен да кооз кийинип алып сахнага чыксам, бир нерсени алып барсам, атактуу болсом деген кыялдарым бар болчу. Кийин Ош жергесинде алып баруучулукка кастинг болуп калып, курбу кызым экөөбүз катышып, мен өтүп кеткем. Ошол жумушумдан кийин каалоо-тилегим күч алып, алдыма максат койдум.

—Чакан бизнесиңизди жапты деп уктук, эмне себептен?

—Жети ай мурун тааныш кыздар болуп бутик ачканбыз, Billion деген. Ал бутикти ачып атканда сүйлөшүүлөр такыр башкача болгон, кийин ишибиз жүрүшүп, акча түшүп баштагандан кийин ал кыз тараптан башкача сөздөр чыга баштады. Эми бул бутик мен аркылуу жарнамаланып, менин аркаман кардарлар келип аткандан кийин, мен ал бутикти жаап, экөөбүз бөлүнүп иш алып барганды туура көрдүм. Кийинчерээк өзүм бутик ачам деген оюм бар, бул жаатта тажрыйбам мол. Азыр алып баруучулукту жаңыдан баштагандан кийин, өзүмдү эки-үч жакка чачыраткым келген жок.

—Рекламага көп тартыласызбы же тойлорго көп барасызбы? Бир күндүк кирешеңиз канча болот?

—Негизи тойлорго чанда гана барам. Себеби дегенде менин тойго ылайыктуу ырларым жок. Буюрса, келечекте элиме жаккан, тойго ылайыктуу ырларды жаратам деген пландарым бар. Ал эми Инстаграмм баракчасы менен киреше жакшы табам. Тойго караганда рекламадан кирешени көбүрөөк табам деп айта алам. Кирешем ар күнү ар кандай. Кээде бир күндүн ичинде 50000 сом тапсам, кээде бир айдын ичинде эчтеке таппай калган күндөр болот.

—Бир күнүңүздү сүрөттөп берсеңиз?

—Негизи эле чыгармачыл инсандын бир күнү экинчи күнүнө окшошпойт, кызыктуу өтөт. Мага ошол үчүн да чыгармачыл жашоо жагат болуш керек. Мисалы, менин кечээки күнүм аябай ишке жыш болгон. Келери кечке жаным тынган эмес. Ал эми бүгүн болсо кечирээк турдум, радиого барып эфирге чыктым да, кайра эле үйгө келип үй жумуштары менен алек болуп отуруп калдым.

—Сизди көбү жасалма жүрөт деп сындашат, сынды кандай кабыл аласыз?

—Жакында эле бир жерге “Аялзаты сулуу болуш үчүн жаралган” деп маек бериптирмин. Аны бирөөлөр Инстаграмм баракчасына бөлүшүп, аябай талкуу болуптур. Ал талкуулар көбүнчө негативдүү, көбү терс кабыл алыптыр. Мен дагы да кайталайм, аялзаты сулуу болуш керек, ар дайым татынакай болуп, өзүн карап, тыкан, таза алып жүрүшү керек, жыпар жыттуу жыттанып туруш керек. Ал эми убактым жок, бала-чака деген сыяктуу нерселер жөн гана шылтоо. Сулуу дегенде эле кымбат баалуу кийимди же боенгонду элестетпеш керек, жөнөкөй гана табият берген келбетибизге кам көрүп, күтө билгенге үйрөнүшүбүз керек дейт элем. Бул сыяктуу сындар чыгармачыл адамдарга көп айтылат. Кээ бирөө өзүнүн бактысыздыгын башка бирөөдөн чыгарып, үйүндө отуруп алып эле ойду-тоону жаза беришет. Мен андайларга көңүл бурбайм. Ал эми кээ бирөөлөр чындап сага күйгөнү үчүн жазып, кеңештерин берет, мен аларды кабыл алам. Кийин ката кетирбегенге аракет кылам. Сын бар жерде өсүш болот.

—Ырчы мырза Нурлан Насип менен азыр деле кыз-жигитсиздерби?

—Бул менин жеке жашоом. Чыгармачылыгыма тиешеси жок деп ойлойм. Андыктан бул суроого жооп бербей эле коеюн.

Булак: ПолитКлиника

Аргумент.kg
Жооп калтыруу