Асел Кадырбекова: «Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузган жокмун!» Ырчы Асел кимге нааразы?

Ырчы Асел Кадырбекова өздүк баракчасына , «Мен баракчама жазылган пикирлерге абдан таң калам. Ойлоп карасам эч кандай жаман нерсе жүктөбөйм,  эч кимди үй-бүлөсүнө азгырып кеткен жокмун, эч кимдин жашоосун бузуп, эч кимди таарынткан жокмун, киши да өлтүрбөдүм, эч кимге тийбейм, эч ким менен урушпайм. Өзүмдүн сүйүктүү жумушум менен алектенем. Жөн гана өзүмдүн жашоом менен жашап келем. Жумушумдун бир бөлүгү болгондуктан реклама менен алектенем. Эмнени туура эмес кылып жатам? Эмнеге менен баракчама ушунча жаман сөздөр жазылат?», -деп инста досторуна суроо жазып калтырды.

Көп учурда ырчы айымдын өздүк баракчасына жүктөлгөн сүрөттөрдөн түрдүү сын-пикирлерди көрүүгө болот.

Бирок бул ирет ырчы айымга жакшы пикирлер жазылса, айрым интернет колдонуучулар,  «Өзүңдү анча көтөрбөчү, жерге түш!»-деген сындуу пикирлерин жазып калтырган.

БУЛАК: argument.kg 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу