Асел Кадырбекованы «скелет» деп атаган интернет колдонуучуга ырчы айым эмне деп жооп кайтарды?

Көп сөзгө маани бербей, сабырдуу айым экендигин көргөзүп келген Асел Кадырбекова бул ирет инстаграм баракчасындагы жазылуучусунун жазып калтырган пикирине жооп кайтарды.  Анда,  интернет колдонуучу ырчы айымдын сүрөтүнүн астына, «Ассоль Молдокматова эле болуп алыпсың, анча боёнуп эмне кылат? Кайра жаман көрүнүп баратасың. Назиктик жок, жүзүңдө нур жок. Бир «скелет» сүрөт турат, ошол»-деп өзүнүн оюн жазган. Чамасы ырчы айымдын мындай сөздөргө ачуусу келген көрүнөт, «Сизге жагып же жакпашы маанилүү эмес. Мага жагат! Өмүрүмдү сиз үчүн эмес, өзүм үчүн өткөзөм.Сизге окшогон адамдардын оюу менен жашасам, сизге да, мага да пайдасы жок. Ар бир пенде өзү үчүн жооп берсин!»-дейт Асел Кадырбекова.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу