АСЕЛ КадырбековаНЫН АПАСЫ ДИЛБАР Монокбаева: «НУРЛАН МАЙРАМДАРДА ГҮЛ, БЕЛЕКТЕРИ МЕНЕН КЕЛИП МЕНИ КУТТУКТАП ТУРАТ»

 Жаш ырчы кыз Асел Кадырбекова учурда бизнес тармагына жол алып бутик ачып, андан да кызыктуусу Нурлан Насиптин сүйүктүүсү катары элдин көңүл борборунда болуп турат. Назик, ошол эле учурда өжөр кызды кандай эне төрөгөн?

– Кызыңыз Асел төрөлгөн күн азыр да эсиңизде болсо керек?

– Албетте, эсимде. Асел 29 жашымда көргөн биринчи кызым. Жети айлык ара төрөлгөн арык, кичинекей кыз болчу. Атасы экөөбүз аябай жакшы көрүп, көзүн карап өстүрдүк. Жети айлык деп аяп көп иш кылдырчу эмесмин. Өзү да акырын кыймылдаган, жулунбаган, адамга катуу сүйлөбөгөн назик кыз болчу. Бирок абдан кежирлиги бар эле, бир нерсени алам же кылам десе ага сөзсүз жетчү. Мен жалгыз кызым деп каалаганын кылып, кийимдин жакшысын кийгизер элем. Апам ыраматылык: «Жалгыз деп эле көп кийиндире бербе, кийин жаман үйрөнүп алат», — десе, «бир эле кызым болсо кантип ушуга кийгизбейин», — деп калчумун. Кыз бала башкача болот экен, кичинесинен эле баарын түшүнүп өстү. Кызыгы, кичинесинде башка балдардай болуп көчөгө көп чыкчу эмес. Эшикке чыгып ойно дегениме болбой таптаза болуп үйдө отурчу. Кир кийим кийген балдарды көрүп: “Ата-энелери карабайбы?” — деп таң кала берчү.

– Сизден эрте бөлүнүп өз алдынча кетти окшойт?

– Мектепте эл катары жакшы бааларга окуду. Кийин Ошто DDD деген телеканалда алып баруучулукка кастинг болуп өтүп кетиптир. Юридикалык колледжде окуп да, иштеп да жүрчү. Ошол учурда Бишкекке кетүүнү каалап, көчүп кетсек деп сурана берчү. Мен апам оорукчан болгондуктан таштап кете албасыбызды айтчумун. Анан өзү кетүүгө умтула баштады. Бир күнү курбу кызы экөө: “Кетебиз, акча таптык”, — деп жөнөп калышты. Көрсө, мен белек кылган алтын шакекти күрөөгө коюп акча кылыптыр, анысын кийин айтты. Бишкекке келип телеканалдардын бирине ишке кирип, батирге чыгыптыр. «Акчам бар», — десе, мен деле акча салбай жүрө бериптирмин. Кийин акчадан кыйналгандарын айтса ичим ачышып, жаман болдум.

– Аселди теледен көрүп сыймыктанчу белеңиз?

– Ал иштеген телеканал Ошто тартпагандыктан көргөн эмесмин. Кийин жогорку окууну аяктаганыбыздын 20 жылдык салтанатына келгенде курсташтарым: «Тили тилине тийбей тыпылдап сүйлөгөн алып баруучу кыз сенин кызыңбы? Жакшы алып барат», — дешти. Анда деле маани берген эмесмин. Кыскасы, кызым азыркы ийгиликтеринин баарына өз аракети менен жетти. Эми да өжөрлүк сапаты менен аракет кылып жатат. Мунусун өзүмдүн жаштыгыма окшоштурам. Сырга бек, өзүм байкап калып сурасам да эч нерсесин айтпайт.

– Сизди Бишкекке кызыңыз алып келсе керек?

– Ошто иштеп жүрүп Орусияга кеттим. Кийин Оштогу бош турган үйүмдү сатып, бул жактан үй алып Асел менен уулумду жашатып койдум. Болбосо мурда мен Орусияда, Асел Бишкекте, балам Ошто болуп, үчөөбүз үч жакта элек. 2013-жылы биротоло келип балдарым менен туруп калдым. Учурда жеке менчик клиникада тиш доктур болуп иштейм.

– Асел сизди Инстаграмдагы баракчасынан жарнамалап калат.

– Ооба, кызымдын бул аракетинин аркасынан көп кардарлар келип, аларга арзандатууларды кылып берем (күлүп). Аселдин аркасы менен көп адамдар менен тааныштым. Мурда ырчыларды көп таанычу эмес элем, азыр кызым шоу-бизнесте болуп, ырчыларды жакшы таанып калдым. Ошондой эле ырчылардын жашоосу жыргал деп ойлочумун, көрсө, булардын жумушу деле кыйын экен. Асел жумушуна байланыштуу телефонун колунан түшүрбөй интернетте отурат. Бир сөз айтайын десем аны менен алаксып аткан болот, кийин сүйлөшкүм да келбей калат. Түн бир окуумга чейин отурганын айтсам: «Апа, биздин жумуш ушу», — дейт. 9-класста окуган уулум да телефон чукулап эле бошобойт.

– Асел тууралуу жагымсыз сөз угуу энелик жүрөгүңүзгө оор болсо керек?

– Мурда аябай оор кабыл алчумун. Ошто иштеп жүргөндө Аселдин биринчи «Кыргызымдын кыздары ай» деген клиби чыккан. Бир күнү жумушта отурсам кайсы бир гезитти көтөрүп келишиптир. Гезитке кызымдын сүрөтү менен каракчынын сүрөтүн коюп туруп: «Асел Кадырбекова кыргыздын кызыбы же каракчынын кызыбы?» — деп тема коюп коюптур. Окуп алып аябай сарсанаа болуп, жазган аялга нааразы болдум. Асел гастролдон келгенде көрсөтсөм, кебелбестен: «Апа, бул деген кара пиар», — деп коёт, таң калып эле калдым. Инстаграмдан Аселдин дарегине жазылган пикирлерди азыр окубай калдым. Аселди жанынан көрүп, чогуу жашап атышкандай аябай жаман пикирлерди жазышат. Башында ойлонуп капа болчумун, азыр көнүп бара жатам. Бирок болбой эле оор тиет.

– Аселдин боёнгонун сындагандар арбын, буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Башында мен да каршы болчумун. Кээде жеңил макияж менен жүргөндө: «Карачы, кызым, кандай жакшынакайсың, баары сени боёнбосо түрү суук деп ойлошот. Ушундай эле жүрсөң», — десем, «апа, бул менин жумушум да, боёнбой чыксам жүдөп калыптыр дешет», — дегенинен мен да азыр түз көз карашта болуп калдым.

– Аселди сизден жакшы билген адам жок, жасалма жүрөт деген сындарга эмне дейт элеңиз?

– Аселдин жай сүйлөгөнү, ишти жай кылганы, жай басканы табиятынан. «Айланайын кызым, жер жарылып кетчүдөй болбой катуу-катуу эле басчы», — дейм. Азыр да толуп калды, арык кезинде учуп кетчүдөй кыз болчу. Анан уйкучулугу бар. Кызымдын мага жакпаган бир кыялы катуу айтканды билбейт. Адамдын көңүлүнө абдан карайт.

– Асел менен Нурлан Насиптин мамилеси коомчулуктун көңүл борборунда турат. Нурлан келечектеги күйөө бала катары купулуңузга толобу?

– Кызымдын тандоосу болгондон кийин, албетте, жагат. Нурланды аябай сыйлайм, Кудайдын берген таланты менен ыр жазып, обон чыгарып, баарын өзү жасаган өнөрлүү бала. Нурлан менен ата-энеси да сыймыктанса керек. Экөөнүн мамилесин өздөрү гана чечишет. Нурлан мени менен таанышкан, майрамдарда куттуктап гүл, белектерин берип калат. Эми баары тагдырдан, мүмкүн, экөө турмуш курат же курбайт, азыр айтыш кыйын. Мен Аселге турмушка чыгышын, жашы келип калганын гана айтып жүрөм.

– Аселдин атасы менен ал канчага чыкканда эки айрылыш жолго түшкөнсүз?

– Аселдин атасы кезинде депутат болчу, аны кызым да айтып жүрөт, учурда жеке ишкер. Биз Асел үч жашында эки башка кеткенбиз. Асел экөө жолугушуп сүйлөшүп турушат, сый мамиледебиз. Турмушка чыкса тоюнда атасы жанында болот. Каалаган учурда кызына жардам берип турат. Бир учурда автоунаа алып берди эле, аны былтыр мен ооруп калып саттык.

– Кызыңыздын ырчылык кесипти тандаганына каршы эмессизби?

– Өзү юридикалык кесиптин ээси. Кызыма ырчылык убактылуу экенин, өзүнүн кесиби менен иштесе деген каалоомду дайыма айтам. Бирок Аселдин ырдан алыстагысы жок. Биз ата-энебиздин айтканынан чыкчу эмеспиз, азыркы жаштар өз каалаганын кылышат эмеспи. Бирок турмушка чыкканда, ошол үйдүн айтканын кылуусу керектигин айтып келем. “Турмушка чыкканда күйөөңдүкү туура эмес болсо да, баш ийип шартына көнүш керек”, — деп калам.

Динара ЧОКОЕВА

Булак: Леди кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу