АСЕЛ: «ЖОЛДОШУМДУН ОРУСИЯДА АЯЛЫ БАР ЭКЕН»

Тагдыр адам ылгабай таш боордугун көрсөтүп ар бир адамды сынайт тура. 23 жаштагы Асел — эки баланын жана жакында жарыкка келчү эгиз перзенттердин энеси. Жаш күнүндө энелик чоң жоопкерчиликти мойнуна алып: «Балдарымды кыйналсам да өзүм багам, таштабайм», — деп турган жаш келинди көрүп жүрөк жылыйт. Болгону Аселге элинен колдоо, анан убакыт керек.

– Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында туулуп өскөм. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, байкем бар. Мен 11-класста окуп жатканда апам жүрөк оорусунан улам каза болуп калган. Апам өлгөндөн кийин атам башкага үйлөнгөн. Мен өгөй апам менен жакшы келише албаганым аз келгенсип, атамдан да алыстап калдык. Атам өгөй апамдын үйүндө жашайт. Мектепте жакшы окучумун, ЖРТ тесттен жакшы упай алып, ЖАМУнун бюджеттик бөлүмүнө мугалимдик кесипке тапшыргам. Окуп жүргөнүмдө мен аны сыртынан тааныган, коңшу айылдык өзүмдөн 11 жаш улуу адам ала качып кетти. Тагдырыма баш ийип, чыгып кете албай отуруп калдым. Ошол учурда он сегиз гана жашта болчумун. Кайненемдер: «Дипломуңду алып беребиз», — дешкен, бирок ал сөзү кийин унутулуп калды. Мен деле бала-чакалуу болуп, түйшүккө түшүп кеттим. Күйөөм үйдө кала турган бала болгондуктан, кайнене-кайнатамдар менен жашачубуз. Мен алардын колунда калып, күйөөм Орусияга кетип жылдап жүрчү. Турмуш экен, баш ийбеске арга барбы деп күйөөмдү угуп, кайнене-кайнатамдардын оокатын кылып, эки баламды багып жүрө бердим. Жаман ою жок адам эч нерседен кабары жок жашай берет тура. Мен ошондой болдум, беш жыл кулагы укпаган адам сыяктуу жашаптырмын. Көрсө, жолдошумдун Орусияда аялы бар экен. Керек болсо кыздуу болуп, кызы беш жашка чыгыптыр. Угушума караганда, ал аялын менден биринчи алган экен. Беш жыл барып-келип, экөөбүз менен бирдей жашаптыр. Күйөөм телефон номерин мага берчү эмес. Өзү чалган номерлерге кайра чалсам: «Жумуштамын, бош эмесмин, убактымды алба», — деп койчу. Акчаны деле кээде салса, кээде: «Жок», — деп койчу. Анда да акчасын кайненеме салчу. Мен эч нерсе талап кылчу эмесмин. Азыр ойлосом, ал биздин жаныбызда болгондо «качан келесиң, сагындым» деген смс билдирүүлөр келчү. Күйөөм камарабай: «Бирөө адышып жазып алса керек», — деп койчу. Мен ага ишенип көңүлүмө алчу эмес экем. Көрсө, ал мени көз көрүнө алдап жүрүптүр.

«Мындай жашоого чыдабай калганда эки баламды ээрчитип чыгып кеттим»

– Күйөөм Орусиядан акыркы жолу 2016-жылдын күзүндө келген. Артынан беш жашар кызын жетелеп тиги аялы да келди. Жолдошум экөөнүн жашы тең экен. Ал келип ызы-чуу кылып: «Мен эч жакка кетпейм, үй алып берсең гана чыгам», — деп отуруп алды. Кайнатам абдан жакшы киши, ал дайыма мен тарапта болот. Андыктан башка үй таап берели деп аракет кылышты, бирок болбой калды. Кайненем болсо мени башынан эле жактырбай кетиргиси келчү. Себеби колунда бар жерден куда күтүүнү кыялданчу. Ал аялы тууралуу кайненем билчү экен: «Экөөңөр тең бир үйдө жашай бергиле, эки аял менен жашап эле атышпайбы?»- деди. Ызам ичиме батпай, беш жылдан бери алданып жашаганыма бармагымды тиштедим. Минтип күндөшүм менен бир үйдө чогуу жашаганга, албетте, каршы болдум. Андыктан: «Мен андай жашоого чыдай албайм», — дедим да эки баламды ээрчитип чыгып кеттим. Кетип жатканымда кайненемдер: «Бага албайсың», — деп балдарымды талашышты. Кайсы эне эле балдарын таштасын: «Бербейм», — деп көгөрүп баса бердим.

«Ай-күнүм жакындаган сайын эч ким ишке албай жатат»

– Жогоруда айтканымдай атам өгөй апамдын үйүндө жашайт. Ата-энем жашаган үй бош болчу, мен эки баламды ээрчитип ошол үйгө келдим. Агам бойдок кезинде жардам берип турчу, азыр үй-бүлө куруп, анын да өз оокаты бар дегендей. Ал үй- бүлөсү менен Москвада жүрөт. Мен 4 жаштагы уулум, бир жарым жаштагы кызым менен эптеп күн өткөрүп жатам. Алгач балдарымды жаныбызда жашаган таежем карашып, мен кафелерде официант болуп, үйлөрдү жыйнап иштеп жүргөм. Азыр иштей албай калдым. Анткени күйөөмдөн ажырашып келгенимде бир айлык боюмда бар эле. Эми ай күнүм жакындаган сайын мени эч ким ишке кабыл албай жатат. Ажырашкан соң кош бойлуу экенимди билип УЗИге түшсөм эгиз экенин айтышты. Дароо эле күйөөмө чалып айтсам: «Алдырып сал, мага кереги жок», — деди. Ага керек эмес болсо, мага керек, болгондо да эгиз болуп жатса алдырууга кантип колум барат. Анан жаман ойдон баш тартып кыйналсам да эгиз балдарымды жарык дүйнөгө алып келем деп чечтим. Күйөөм азыр төрөлө элек эмес, көзүнө көрүнүп калган балдарын да сурап койбойт. Бир жолу гана уулун 2-3 күнгө алып кетип, кайра алып келген. Ошол бойдон келген да, кабар алган да жок. Учурда 34 жума болуп, көз жарар күнүм жакындап калды. Мага эптеп эгиздеримди төрөп бир аз тыңыганча эле жардам керек эле. Андан кийин өзүм иштеп, төрт баламды өзүм эле бакмакмын. Андыктан кайрымдуу адамдардан жардам сурайм. Төрөп эки жагымды жыйганча балдарымдын курсагын тойгузуп турганга каражат керек. «Кайнене-кайнатаңдын пенсиясы бар» деген негиз менен жөлөк пул албай калгам. Эми болсо алимент алайын десем, ага документ даярдаганга дагы акча керек экен. Менде акча жок болгондуктан ал нерсени да кыла албай жатам. Атам анча мынча жардам берип турат, бирок ал деле чектелүү эле. Бул оор күндөр артта калып, балдарым чоңоюп бизге да жаркын күндөр келер деген үмүттөмүн.

ЭЛСОМ 0704 774502

Байланыш телефону: 0772 187362

Динара ЧОКОЕВА

Булак: Леди.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу