Биз кайсы бир жерлерден көрүп, суктанып турган картинкадагы каармандын чыныгы прототиби бар экендигин айтуу менен бирге алардын жумушу тууралуу өздөрү менен баарлаштык. Албетте алардын купуялуулугун сактоо этикага ылайык.
-Асель татына кыз экенсиң, ата-энең кантип акча таап жүргөнүңдү билишеби?
-Биринчиден комплементиңизге рахмат, экинчиден ата-энемдер билишпейт. Алар мени кафеде иштейт деп жүрүшөт.
-Башка да ишиң барбы?
-Жок, башка жерде иштебейм. Жогорку окуу жайлардын биринде окуйм. Бул жактан тапкан акчам жашоомо жетет. Башка жумушка иштегенге физикалык жактан да жетишпейм. Сүрөткө тартылуу убакытты көп талап кылат.
-Жигитиң барбы?
— Жигитим жок. Жакын курбум мен иштеген жумушту укканда шок болгон. Эгер чындап айтканда жаман иш кылган жокмун да.
-Сүрөткө тартылуу убагында уяласыңбы?
-Башында уялчумун, азыр уялбайм, көнүп калдым.
-Өзүң тартылган картиналарга эмне деп сын айта аласың?
-Жаңы иштеп баштаган маалда «Бет түзүлүшүм окшошпой калса экен , таанылбасам экен» -деп тилей берчүмүн. Азыр андай эмес. Чыныгы фигураны аябай суктанарлык кылып тартып койсо ар бир адамдын көргүсү келсе керек. Картинаны фото-сүрөткө эч салыштырууга болбойт.
-Сүрөтчүлөрдүн көбү эркек адамдар экен, тийишпейби?
-Ар кандай сөздөрдү айтып, келбетиме суктанып калган учурлар көп болот. Бирок, жаныма келип кармалап же сыйпалаганга алардын укугу жок.
БУЛАК: Майдан.kg