Манастан Чубак кем бекен дедиби, айтор Асель Кадырбекова дагы эми «Жар-жар» айтып баштады. Бул туурасында ырчы кыз жеке баракчасына «Көпкө ойлондум, өздүк баракчама келген жеке каттардан улам, мындан кийин «Жар-жар» айтмай болдум. Эгерде ким биринчи мени чакырса, анда ага менден белек бар»-деп жазды.
Интернет колдонуучулардын кээ бири «сен эле калдыңбы айтпаган», «сен жааар-жааар деп кыйналып сүйлөгүчө той бүтөт»-деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырса, айрымдары «сага да жарашат, назиксиң», «сонун болот»-деген жакшы билдирүүлөрү дагы калтырышты.
БУЛАК:barometr.kg