Асель Кадырбекова «кош бойлуу» дегендерге жооп берди…

Ырчы Асель Кадырбекова кош бойлуу экен, жашырып айтпай жатат-деген күйөрмандары өздөрү эле бир бүтүм чыгарып коюшту. Мындай келечек жоруган ойлорду ырчынын жеке баракчасындагы ар бир чыгарган посттунун астынан көрүүгө болот.

Болбогон нерсени болду деп күйөрмандары жаңылып жатабы же чын эле Кадырбекова жашырып жатабы, айтор ырчы кыз «кош бойлуу»-дегендерге жооп берип, айрым тийишкендер менен айтышып да кетти.

«Мен кош бойлуу эмесмин, бардыгы Кудайдын колунда!»-деп жазды ырчы.

Эске салсак, белгилүү ырчылар Нурлан менен Асельдин үйлөнгөнүнө жарым жыл өттү, тактап айтканда эки жаштын дүңгүрөгөн тою 2018-жылдын 10-майында болгон. Анда Асельдин кымбат көйнөгү талкуу жаратып, көпкө сөз болгон.

БУЛАК:barometr.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу